Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

ДЭВИД КЕЛЛИНИН ӨЛҮМҮНҮН АЙЫНАН УЛУУ БРИТАНИЯНЫН ӨКМӨТҮ ЖАНА БИ-БИ-СИ ЖАРГА КЕПТЕЛДИ


Бүбүкан Досалиева, Прага АКШнын Иракка согуш ачуусуна негиз берген маалыматтардын айланасында чыккан чуу Улуу Британиянын өкмөтү менен Би-Би-Си корпорациясынын ортосундагы кармашты күчөтүүдө. Бул Британиянын Коргоо министрлигинин эксперти окумуштуу Дэвид Келлинин табышмактуу өлүмү жана ал Би-Би-Сиге берген маалыматтарга байланыштуу болууда.

Мындан жетимиш жылдай илгери уюшулган Би-Би-Си корпорациясы менен Британ өкмөтүнүн ортосунда талаш-тартыштар буга чейин да далай жолу болгон. Көз карандысыз радио менен өкмөт 1920-30-жылдарда, экинчи дүйнөлүк согуш маалында, Суэц каналына байланышкан кризисте, Тетчердин доорунда, кийин Югославияны бомбалоо маалында өз ара тирешкен.

Ал эми азыркы- биолог окумуштуу Дэвид Келлинин табышмактуу өлүмү жана “Ирак биологиялык жана химиялык куралдарын 45 мүнөттүн ичинде даяр кыла алат” деген маалыматтын жалган –чындыгына байланышкан чактак Би-Би-Синин да, Тони Блэрдин да келечегине көлөкө түшүрүүдө. Премьер Тони Блэр Иракка аскерлерди апыртылган маалыматтарга таянуу менен жиберүүгө ниеттенбегендигин билдирди. Би-Би-Синин жетекчилиги болсо Ирактагы иликтөөлөргө катышкан окумуштуу адис Келлинин сөздөрүн радио туура түшүнүп, так бергендигин, аны далилдей турган тасма бар экендигин жана аны Келлинин өлүмүн иликтеп жаткан комиссияга берерин айтууда.

Би-Би-Синин жаңылыктар бөлүмүнүн жетекчиси Ричард Самбрук Би-Би-Си жалган маалымат тараткан деген сындарды төмөнкүчө четке кагууда:

- Би-Би-Си доктор Келлиден алынган интервьюда айтылгандардын баары так жазылып, туура кабарлангандыгына ишенет.

Анын баамында, Британ өкмөтү маалымат туура эмес берилгендигин радио мойнуна алып, кечирим сураса чатак басылып калат деп ишенген. Би-Би-Си өз багытынан тайбай, чатак парламенттин талкуусуна жеткенде маалымат булагы деп шектелген окумуштуу өз жанын өзү кыюуга барды. Анын өлүмүнөн кийин өкмөт Би-Би-Сини сындоону ого бетер күчөттү. Ал тууралуу баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан эл аралык журналисттер Федерациясынын басма сөз катчысы Сара де Йонг мындай дейт:

- Биз Британ өкмөтү Би-Би-Сиге өтө катуу кысым көрсөтүп жаткандыгын байкап жатабыз. Ошондой эле өкмөттүн бул чабуулу журналисттер өз маалымат булагын атабай кое алат деген көз караштан алганда текейге арзыбайт. Мындай көз караш Европада адам укуктарынын бир нормасы катары жалпыга маалым жана биз Британ өкмөтү мындай норманы көзгө илбегендигин да сезип турабыз

Айрым байкоочулардын баамында, радио менен өкмөттүн ортосундагы бул чатак тезинен басыла койбойт. Жаңжал Тони Блэр менен анын өкмөтүн эки чоктун ортосуна кептелтти. Бир жагынан, Иракка чогуш ачууга негиз берген маалыматтар чынбы, экинчиден, эгер ал чын болсо окумуштуу Келли эмне үчүн өз жанын өзү кыйды деген суроолорго так жооп берүү талабы коюлууда. Келлинин өлүмүнүн себептерин иликтеп жаткан көз карандысыз комиссия башчысы Брайан Хаттон калыс, адилет тергөө жүрөөрүн айтат:

- Мен аскерий иликтөөлөр менен анын негизинде жазылган отчетту салыштырып иликтөөгө ниеттенип жатам. Андан тышкары көптөгөн адамдардын көрсөтмөлөрүн да иликтейм

Бул иликтөө өкмөттүн да, парламентарийлердин да, аскерий жетекчилердин да көптөгөн жаза басууларын ашкерелөөгө өбөлгө түзөт деп жатышат байкоочулар. Алардын баамында, чатакка катышы бар ар бир адам өз кызыкчылыгы үчүн жан далбаска түшүүлөрү ажеп эмес. Бул тууралуу Британиядагы падышалык институтунун кызматкери Уильям Хопкинсонтун пикири мындай:

- Мен азыр бул кырдаалга катышы бар адамдардын өз пайдасы үчүн бири-бирине каршы кандай гана аракеттерди көрүп жатканын байкап жатам. Алардын катарына саясатчыларды,парламентарийлерди, өкмөттү жана Би-Би-Синин өзүн кошууга болот

Демек, Британ коомчулугу чоң саясаттын артында кимдер туруп, кандай иш-чаралар жасала тургандыгын жана анын пайдасы менен кесепети кимге тиерин ачып көрсөтүүчү бир мүмкүнчүлүк алдында турат. Ошондо доктор Келлинин атын ким ачыкка чыгарды, ал журналистке дагы кандай маалыматтарды айтты жана Британ өкмөт башчысы жеке өзүнүн тышкы саясаттагы салмагы үчүн эле өз атуулдарын согушка салдыбы деген суроолорго жооп алышы мүмкүн. Айтмакчы, Келли өлөөрүнүн астында бир журналистке кат жазып, анда бул чатакта “өз оюнун жүргүзгөн көптөгөн табышмактуу адамдар бар экендигин” кыйыткан экен.
XS
SM
MD
LG