Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

Кант кызылчасын иштетүүгө ишканалар даяр эмес


БИШКЕК. Кыргызстанда быйыл 600 миң тонна кант кызылчасы өндүрүлүшү болжолдонуп жатат. Бирок, кызылча иштетүүчү «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» акционердик коомдорунда ремонт иштери толук жүргөн жери жок. Түшүм жыйылганга чейин анын бүтөөр-бүтпөсү азырынча белгисиз. Бул тууралуу маалымат бүгүн Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинен алынды. Кант кызылчасын иштетүүчү ири ишкана атыккан «Кайыңды-Кант» акционердик коомун сатуу жана сатып алуу иштери соңуна чыга элек. Буга чейин ээлик кылып келген «Перидот-Антштальт» ишканасы Мамлекеттик мүлк жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетке 7 млн. 400 миң сом карыз. Кыргыз өкмөтү буга байланыштуу «Перидот-Антштальт» ишканасын 10-августка чейин «Кайыңды-Кант» ишканасынын мамлекеттик акциясы үчүн карызын төлөп берүүнү талап кылды. Бул каражат төлөнүп бүтсө, ишкананы иштетүү милдетин «Альянс» фирмасы өзүнө алат.

XS
SM
MD
LG