Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

СПИД борборунун башчысын коомдук комитет сотко берди


СПИД борборунун башчысын коомдук комитет сотко берди

БИШКЕК. Кыргызстандагы «СПИД» борборунун башчысы Борис Шапирону, анын авторлоштору Гүлнара Курманова менен Лариса Башмакованы жана «Веста» басмасын «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу китеп үчүн «Кыргыз элинин абийирин, арнамысын коргоо комитети» кечээ сотко берди. Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна берген доо арызында комитет авторлорду жана басмакананы «кыргыздын менталитетине жана каада-салттарына кайчы келген китеп жазып чыгарып, жаш муундардын адеп-ахлагын бузууда» деп айыптап, моралдык чыгым үчүн өз пайдасына 5 млн. сом өндүрүп берүүнү талап кылды. Ушул эле китептин чыгышын териштирүү өтүнүчү менен комитет Башкы прокуратурага да кайрылды. Бул тууралуу маалымдаган комитеттин менеджери Калыбек Солтоноевдин пикиринде, китептин чыгышына авторлор жана басмакана эле эмес, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана маданият министрликтери да жооптуу. «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу бул китеп 20 миң нуска менен 1999-жылы кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде чыгып, окуу куралы катары пайдаланылып келген. Билим берүү жана маданият министрлигинин маалымат катчысы Мамасаалы Апышевдин ушул эле күнү билдиргенине караганда, министрдин 13-майдагы буйругуна ылайык бул китеп мектептерде окутуудан алынып салынган, бирок аны жогорку окуу жайларынын китепканаларына өткөрүп берүү жагы каралып жатат. Комитет болсо мындай пикирди колдобостон, китептин биротоло жок кылынышын көздөйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG