Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

Айрым банктардын аталыштары өзгөрө баштады


БИШКЕК. Парламент быйыл март айында «Акционердик коомдор тууралуу» мыйзамды кабыл алганына байланыштуу өлкөдөгү айрым банктардын аталышы өзгөрүүдө. «Кыргыз КРАМДС банк» мындан ары ««Ак Банк» ачык акционердик коому» деп аталат. Ал эми «Толубай» акционердик-коммерциялык банкы «жабык акционердик коому» деген аталышка көчтү. «Толубай» акционердик-коммерциялык банкы өз капиталын Улуттук Банк талап кылган чекке – 31 млн. сомго жеткирди. Эки банктын аталышы өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу Улуттук Банк аларга банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын алмаштырып берүүнү чечти. Улуттук Банктан алынган маалымат боюнча, АКШ долларынын кыргыз сомуна карата бүгүнкү катышы 42 сом 86 тыйын деп белгиленди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG