Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Кыргызстанга АКШнын аскер медиктери келишти


БИШКЕК. Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгынын ортосундагы макулдашууга ылайык Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачылыгынын аскер медиктеринин делегациясы келди. Делегациянын максаты – Кыргызстандын күч министрликтеринин медициналык кызматкерлери менен конференция өткөрүү. Конференциянын катышуучулары тажрыйба алмашып, аскерлерди медициналык жактан тейлөөнүн алдыңкы усулдары менен таанышат. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскер медиктери «Катастрофа медицинасынын машыгуу борборунун» долбоорун сунуш кылышат. Долбоор НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында иштелип чыккан.

XS
SM
MD
LG