Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

Кашкасуудагы кырсыктын кесепеттери иликтенүүдө


БИШКЕК. Кашкасуу капчыгайында 21-июлдун кечинде башталган селдин зыяны аныкталууда. Экология жана чукул кырдаалдар министринин биринчи орун басары Болотбек Айдаралиевдин жетекчилигинде министрликтин атайын кызматтары селдин кесепеттерин жоюу аракетин көрүп жатышат. Министрликтен алынган маалыматка караганда, учурда Улуттук илимдер академиясына караштуу дача айылында канча үй керектен чыкканы, мал-жандын чыгымы, материалдык зыяндын көлөмү такталууда. Капчыгайдын башындагы мөңгүлөрдүн тез эришинен жана көнөктөп жааган жамгырдан улам пайда болгон сел Улуттук илимдер академиясынын дачаларын каптап, бир топ үйлөрдү кум чайып, керектен чыккан. Бүгүн Кыргыз гидрометеокызматынын маалыматына таянып, «АКИпресс» агенттиги бүгүн, эртең, бүрсүгүнү Чүй облусунун тоо этектеринде сел, суу ташкыны болушу мүмкүн экенин жарыя кылды. «Аларча, Сокулук, Аксуу, Карабалта сайларында үч күн ичинде суу ташкын, сел болушу ыктымал», деп билдирет Кыргыз гидрометеокызматы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG