Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:20

Өзбекстан чек араны минадан тазалоо тууралуу Кыргызстандын сунушуна жооп айта элек


БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым бөлүгүнө коюлган миналарга байланыштуу 18-июлда жөнөтүлгөн Кыргызстандын нотасына Өзбекстан жооп бере элек. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин КМШ боюнча башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов билдирди. Анын айтымында, нотада Өзбекстанга чек ара аймактарын тез арада минадан тазалоо, мина талааларынын картасын кыргыз өкмөтүнө берүү сунушталып, миналардын жарылышынан жабыркагандар үчүн моралдык жана материалдык компенсация талап кылууга Кыргызстандын укугу бар экени белгиленген. Мындан тышкары, нотада коңшу өлкөнүн чек арага мина коюшуна карата эл аралык укуктук жактан баа берилген. Өзбекстан Баткен окуясынын тушунда «Өзбекстан ислам кыймылынын» аракеттеринин алдын алуу негиздемеси менен кыргыз-өзбек чек арасынын айрым аймактарына мина койгон. Андан бери чек арада кыргызстандык эки адам набыт болуп, көп сандаган мал чыгымга учурады. Бирок чек араны минадан тазалоо боюнча эки өлкө макулдаша албай келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG