Президент Рудольф Шустер аталган мыйзамды парламентке кайра кайтарды. Либералдык "АНО" партиясы сунуш кылган мыйзам долбоордо генетикалык мандеми аныкталган учурларда 24 жумага чейинки чектеги боюнда бар аялдарга аборт жасатууга уруксат берүү каралган. Аталган партиянын башкы атаандашы – христиан-демократтар кыймылы бул мыйзамга каршы чыгып, документ бекитилсе, "АНО" партиясын парламенттен сүрүп чыгараарын эскерткен.