Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Бишкек менен Ташкен кезектеги чек ара чатагын териштирүүдө


Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү өткөн аптада бир кыргыз жаранынын өлүмүнө алып келген чек арадагы чатакка байланыштуу өз ара нааразычылыктарын билдиришти. 16-июлда кыргыз-өзбек чек арасындагы чакан көпүрөгө байланыштуу өзбек чек арачылары менен кыргызстандыктар ортосундагы чатак маалында атылган октон 21 жаштагы кыргыз жараны жан берген. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта маркумдун өлүмү үчүн жоопкерчилик бүт бойдон Өзбекстанга жүктөлүп, өзбек чек арачылары карапайым элге каршы аткан окту эч бир мыйзам актай албаары белгиленген. Шаршембиде Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Илхом Закиров: "Алгач кыргыз жарандары чек арачыларга кол салып, аскерлердин бирин катуу түртүп ийгенде, ал коргонуш үчүн ок ачууга аргасыз болгон", - деп маалымдаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG