Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:45

Иранда журналист Захра Каземинин сөөгү шашылыш жерге берилгенине байланыштуу Канада Тегерандан өз элчисин чакыртып алды


Иранда төрөлүп, көп жылдар бою Канадада жашаган фотожурналист Захра Каземинин сөөгү маркумдун түпкү мекениндеги Шираз шаарында жерге берилди. Тегеран буга журналисттин энеси макул болгонун маалымдаган. Бирок Каземинин Канадада жашаган уулу энесинин сөөгүн талап кылганына карабастан, аны менен макулдашпай Иранга коюлганына байланыштуу Канада өкмөтү Тегерандагы элчисин кайра чакыртып алды. "ИРНА" маалымат агенттиги кабарлагандай, мындан эки апта мурдараак Ирандын бийликтери тарабынан камакка алынган Каземи кандай шарттарда өлүмгө дуушар болгону белгисиз. 54 жаштагы эржүрөк журналист 23-июнда Тегерандагы өкмөткө каршы демонстрацияны чагылдырып жүргөн жеринен камакка түшкөн. Темир тор артында каза тапкан калемгерди акыркы сапарга узатуу каадасына Ирандын Фарс провинциясынын расмий өкүлдөрү, маркумдун жакын туугандары, кесиптештери катышышты. Ирандын президенти Мохаммад Хатами журналисттин өлүмүнө жооптуу адамдарды таап, жазалоону сот органдарына тапшырды.

XS
SM
MD
LG