Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:24

КОҢШУ ӨЛКӨЛӨРДӨГҮ КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРДИН АБАЛЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Улуттук азчылыктардын жетиштүү билим алышына шарт түзүү ар бир өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик саясатынын бир бутагы болушу керек. 80ден ашык улут жашаган Кыргызстанда азыр орус тилиндеги 147, өзбекче 141 жана тажик тилиндеги 2 мектеп бар. Ал эми айрым улуттар жыш отурукташкан дубандарда алардын эне тилинде тереңдетилген билим берүүчү класстар ачылган. Ошол эле учурда коңшу мамлекеттердеги кыргыздардын саны да бир кыйла. Кыргыз тилиндеги мектептердин абалы ар бир мамлекетте ар башка. Байкоочулардын баамында, Орто Азия мамлекеттеринин ичинен жакында эле латын арибине өткөн Өзбекстанда абал мурдагыга салыштырмалуу оорураак.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда 54 кыргыз мектеби бар. Акыркы жылдары өзбек өкмөтү болсо кыргыз мектептеринин санын эки эсе азайтты. Мурда 102 болсо, азыр алардын саны 58. Казакстанда болсо бир да кыргыз мектеби жок. Кыргыз мектептери бар мамлекеттердин ар биринде эле кыргыз мектептериндеги көйгөйлүү маселелер эне тилиндеги адабияттар менен окуу куралдарынын тартыштыгына байланыштуу. Ошондой эле кыргыз тилдүү мугалимдер жетишпейт. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев быйыл 25-мартта «Чет өлкөлөрдөгү мекендештердин билим алышын колдоо тууралуу» жарлык чыгарган. Анда чет мамлекеттердин кыргыздар тыгыз отурукташкан аймактарында кыргыз мектептерин жана жогорку окуу жайларынын филиалдарын ачтыруу маселеси да бар. Бул жарлыкты турмушка ашыруу максатында Билим берүү жана маданият министрлиги атайын программа иштеп чыкты. А. Акаевдин жарлыгынан кийин кыргыз бийлигинин кийлигишүүсү менен тигил же бул өлкөдө мектеп ачылганын азырынча эшите элекпиз. Казакстанда бир да кыргыз мектеп жок болушунун башкы себебин Казакстандын Билим берүү министрлиги мындай талап болбогону менен түшүндүрдү.

- Казакстанда жети тилде билим берүү каралган. Казак, орус, уйгур, украин, өзбек, тажик жана немис тилдеринде. Азыр бизде бир да кыргыз мектеби жок. Казакстандын мыйзамдарында эне тилинде мектеп ачууну каалагандарга тоскоолдук жок. Буга чейин бир да жолу кыргыз мектебин ачуу тууралуу сунуш түшкөн эмес, - дейт Казакстандын Билим берүү министринин орун басары Куляш Шамшидинова.

Тажикстанда кыргыздар тыгыз отурукташкан бир нече райондор бар. Тажикстандын Университеттик билими бар аялдар ассоциациясынын башчысы Гүлжахон Бобосадыкова «Азаттыкка» берген маегинде бул маселе боюнча анын мекенинде «түйшөлтө турган эч нерсе жок» деп ишендирди. Анын айтымында, Жергетал өңдүү кыргыздар көп жашаган аймактарда кыргыз мектептери иштеп атат.

Ал эми Өзбекстанда акыркы жылдары кыргыз мектептеринин азайышына карата өзбек тараптан жооп алуу аракетибизден майнап чыккан жок. Өзбекстандын Фергана дубанынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Махамаджан Ходжаевдин айтымында, азыр Өзбекстандагы кыргыз мектептеринде китептер жана кадрлар жетишпейт.

- Биз латын арибиндеги өзбек жазмасына өттүк. Фергана районундагы кыргыз мектептеринде окуу китептери жетишпейт. Бирок бул маселени бара-бара чечсек болот. Менимче эң оор маселе - кыргыз мектептери үчүн мугалимдердин тартыштыгы, - дейт Махамаджан Ходжаев.

Кыргыз коомчулугунда Өзбекстандагы кыргыздарга билим берүү боюнча мүчүлүштүктөр тууралуу кабатырлык бар. «Кутбилим» гезитинин башкы редактору Кубат Чекировдун пикиринде, бир канча жагдайлардан улам кыргыз балдар өзбек мектебине өтүүгө мажбур болгон учурлар да кездешет:

- Өзбекстан жакында эле латын арибине өтүп, азыр жалаң өзбек тилдүү мектептерге китеп чыгаруу менен алек. Кыргызстан болсо Совет убагындагыдай чет жактагы кыргыз мектептерди колдогонго чамасы жок. Учурда Өзбекстандагы кыргыз мектепти бүткөн жаштардын келечеги бүдөмүк. Себеби, алардын Ташкендеги окуу жайларына өтүшү кыйын. Ал үчүн кыргыз жаштарына атайын квота берилип, улуттук азчылыктарды колдоо саясаты болушу керек. Азырынча өзбек бийлигинин андай саясаты тууралуу уга элекмин. Улуттук мектепте жакшыраак билим ала албагандан кийин кыргыздар айла жок өзбек мектептеринде окууга качып атышпайбы!?

Билим берүү жана маданият министрлигинин басма сөз катчысы Мамасалы Апышевдин билдиргенине караганда, быйыл Кыргызстан Өзбекстандагы мектептерге 20 миң даана окуу китебин жөнөттү. 1997-жылдан бери баш-аягы 1 миллионго жакын китеп берилди. Өзбекстандын бийлиги азырынча өз окуу жайларын латын арибине өткөрүп чыгуу менен алек. Кыргыз мектептери болсо Кыргызстандын колун карап, Билим берүү жана маданият министрлигине жардам сураган каттар тынбай келип турат.

Жергеталдын же Фергана районунун жаштары Кыргызстандан кесиптик билим алууга ашыгышат. Бирок, соңку жылдары Ош мамлекеттик университетин же И. Арабаев атындагы педагогикалык университетти бүтүп баргандардын диплому Өзбекстанда да, Тажикстанда да жарабай калды. Муну Аскар Акаев 25-марттагы жарлыгында белгилеген экен. Коңшу өлкөлөр менен окуу жайды аяктагандыгы жөнүндө документтерди таануу тууралуу өз ара келишимдерге кол коюуну тездетүү зарыл. Антпесе башка мамлекеттердеги кыргыз мектептеринде мугалимдерге болгон өксүк суубайт.
XS
SM
MD
LG