Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Орто кылымдардагы Кыргыз мамлекетинин өнүгүү келечеги Барсбек кагандын саясий ишмердүүлүгүнөн улам калыптанган.

Кыргыз каганатынын IХ-Х кылымдардагы гүлдөп-өсүшү, Борбордук Азиянын кубаттуу мамлекеттеринин катарына кошулушу ириде Ышбар күл элтебердин жана Барсбек кагандын ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Кыргыз каганатынын дөөлөтү жана кубаты асыресе Барсбек кагандын тушунда туу чокусуна жетип, чөлкөмдүн саясатын аныктай турган кадыр-барк алган. Анткен менен кыргыз тарыхнаамасында Барсбек кагандын саясий ишмердиги, айрыкча, өкүмдардын өлүмү натуура изилденип, анын бейнесине кедерги келтирчү ойлор айтылып келет.

Анда эмесе Барсбек кагандын өлүмүнө кайрылаардан мурда, адегенде анын шейит учушуна кириптер кылган саясий кырдаалды талдап көрсөк. Тарых илиминде азырынча, кыязы кийин деле, Барсбектин качан жарык дүйнөгө келип, өкүмдарлык такка отургандыгы туурасында так маалымат табылышы күмөн. Бирок Барсбек жасаган иш жана ал жөнүндө кыйыр айтылган даректер, анын саясий ишмердүүлүгүнүн башталыш мезгили туурасында жоромол жасоого жол берет.

679-жылы Түндүк Кытай аймагында көтөрүлүш чыгарышып, 687-жылы Борбордук Монголияга көчүп келген II Чыгыш Түрк каганатынын негиздөөчүлөрү Барсбек боюнча даректүү маалымат калтырышкан. Орхон руникалык жазууларында «түштүктө табгач эли же кытайлар душманыбыз болду, түндүктө тогуз-огуздар, кыргыздар, курыкандар, отуз татарлар, кидандар биздин жоолорубузга айланышты» деп айтылат. Түрк кагандарынын акылманы Тонюкуктун (Тоньокук) белгилөөсүнө караганда, «Кытай каганы биздин душманыбыз эле, бирок эң коркунучтуу жообуз - күчтүү кыргыз каганы болгон».

Демек, түрк кагандары Түндүк Кытайда көтөрүлүш чыгарган убакта Барсбек каган Энесай боюнда желегин аштап, күлүгүн таптап күрдөөлдүү мамлекет куруп калган. Кыргыз каганынын күчүн баалаган түрктөр Барсбекке ханайым карындашын күйөөгө беришкен. Кыргыз жана Түрк каганаттарынын ортосундагы араздашуунун жаралышы адегенде геосаясий кызыкчылыктан келип чыкса, андан кийинки фактор - Барсбек кагандын тышкы саясаты түрктөрдүн басып алууларына жолтоо кылган.

Кытай жазма булактарындагы маалыматтарды мезгилдик талдоого алсак, анда Барсбек кагандын тушундагы Кыргыз мамлекетинин чыгыш чеги Байкал көлүнүн батышында жашаган кудыкандарга, батыш чеги Чыгыш Түркстанда турган тибеттиктерге чейин жеткен. II Чыгыш Түрк каганатынын кыргыз кызыкчылыгына кирген аймактарга кол салышы жана Кыргыз каганаты менен мамилелеш Түргөш, Кытай өлкөлөрүнө кысым көрсөтүшү эки мамлекеттин арасын ачкан.

Айрым окумуштуулар Билге каган эстелигиндеги «качан мага жыйырма алты жаш толгондо чик эли менен кыргыздар (мага) душман болушту» деген маалыматка карап, «кыргыздар менен түркөрдүн ортосундагы араздашуу 709-жылы башталган» деп эсептешет. Анткен менен Барсбек кагандын элчиси 707-ж. Кытай империясына келгенин эске алсак, жоолашуу, жок эле дегенде ага даярдык көрүү кыйла мурда башталган. Түрк каганаты кыргыздарга караган чиктерге кысым көрсөтүүсүнөн улам Барсбек каган тышкы саясатын активдештирген. Барсбектин элчилери Эрен улуг Тибетке, Эзгене Түргөш мамлекетине жөнөтүлгөн.

Орхон эстеликтеринде II Чыгыш Түрк каганатына каршы Кыргыз, Кытай, Түргөш өлкөлөрүнөн турган үчтүктөр коалициясы куралгандыгы кабарланат. Тонюкуктун жазуусунда алар келерки жылдын жайында, б.а. 711-ж. Алтун черине же түрк ордосуна кол сала тургандыгы айтылат.

Барсбек каган көздөгөн максаттын ишке ашпай калышына Кытай ордосунда болгон өзгөрүүлөр тоскоолдук кылган. Бул жылдары империяда так талаш жүрүп, 710-жылы бийликке жүүнү бош Жуй-цзун келген. Барсбек каган Кытай ордосундагы өзгөрүүлөрдөн кабардар болушу толук ыктымал. Анткени, император Жуй-цзундун түрк каганына жазган катында «Кытайга кирүүнү каалабаган кыргыз элчиси Тибетте жүрөт» деп айтылат. Балким, Барсбек Жуй-цзунга ишенбей, Түрк каганатына каршы күрөштө тибеттиктердин күчүн пайдалангысы келсе керек.

Барсбек кагандын ишмердиги түрк саясатчыларынын көз жаздымында калган эмес. Түзүлгөн кырдаалды акылман Тонюкук мындайча сүрөттөйт: «күнү-түнү уйкудан калып, акыры каганды кыргыздарга кол салууга көндүрдүм». Түрк колу кыш мезгилине карабастан, Саян тоосунун ашуулары карга бүтөлгөнүнө кайыл болуп, казатка аттанган. Орхон жазууларында, «биз кыргыздар уйкуда жатканда басып, каганын өлтүрдүк» деп кабарланат.

Бул согушта Барсбек кагандын жеңилиши анын саясий жана аскердик өнөрүнө шек келтире албайт. Жазма булак даректери кабарлагандай, кыргыздар жоодон бейкам жаткан жана алар согушту кийинки жылдын жай айына белгилешкен. Кыргыздардын жеңилишинин дагы бир себеби - Саян тоосу өлкө бейпилдигин коргогон табигый чеп болгон. Буга чейин, мындан кийин да Кыргыз каганатына түрктөрдөй болуп кыш мезгилинде эч бир жоо кол салган эмес.

Асыресе, Барсбек кагандын жоодон мерт болуп, шейит учушу Кыргыз каганатынын кубатына кедерге тийгизген жок. Өкүмдар түптөгөн мамлекеттик бийлик каганаттын андан ары гүлдөп өсүшүнө өбөлгө болуп, ал эми кыргыз эли каарман уулуна арнап эстелик орнотуп, тарыхта унутулгус мурас калтырды.
XS
SM
MD
LG