Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

АЗУУЛУУ АКЫН НАЙМАНБАЙ


Түпсүз, чексиз чалкып жаткан өнөр көлү - айтыштын бир тамчысын тилине басып, көкүрөгүнө катып, өз заманынын жарчысы, элинин эрмеги болгон айтылуу ак таңдай төкмө акындын бири Найманбай Балык уулу болуптур.

Ал 1884-жылы Талас өрөөнүндө манасчылыгы, акындыгы менен атагы таш жарган Балыктын үй-бүлөсүндө туулат. Найманбай жарык дүйнөгө келген күндөн ыр менен оозанып, ыр бешикке бөлөнөт. Боз улан 16 жашынан тартып «Манас» айта баштайт. Бир эле мезгилде төкмөчүлүктүн килемин да токуйт. 1857-жылы Найманбай атасы менен Чүйгө көчүп келет. Арчалы айылында жашайт. 1919-жылы каза табат. Ал Сарыөзөн кең Чүйдүн аймагында өткөн чоң аш-тойдун, жыйындын көркүн ачат.

Найманбай заңкылдаган мукам үндүү, комузду табына чыгара черткендиктен аш-тойлордо байлар менен манаптардын такай жарчыларынан болуптур. Бир эле мезгилде ал акындык күчүн «алтын жаак жез таңдай» атанышкан улуу төкмөлөр Калмырза, Токтогул, Эсенаман, Эшмамбет, Нурмолдо ж.б. залкар шайырлар менен айтышкан алым-сабактарында сынаптыр. Бирок, алардын ичинен бүгүнкү окурмандарга, угармандарга Найманбайдын Токтогул, Калмырза, Эшмамбет менен айтышкан табышмак, короодо, улап айтма шекилдүү алым-сабактары гана келип жетти. Эмне себептен? Тоталитардык доордо Найманбай өңдүү төкмө акындар байлардын, манаптардын ырларын ырдап, күүсүн чалган шайыр катары эсептелип, эч жерде эскерилбей, иликтенбей, эл арасынан мурастары жыйналбай тебеленип-тепселип кала берген.

Найманбай ким менен (улуу, кичүү акындар) менен айтышпасын, жашына карабай куйкум сөз менен ачык айтып, ак ырдаптыр. Кеп учугу эл артисти, төкмө акын Ашыраалы Айталиевде:

- «Мен Балыктын уулу Найманбай, айта берем ар кандай» деп, Найманбай улуу төкмөлөр Калмырза, Эсенаман, Бекназар, Жаманкул, Токтогул, Эшмамбет, Куйручук, Нурмолдо, Курмандар менен айтышыптыр. Алардын бирин жеңсе, экинчисинде ит жыгылыш болуптур. Найманбай жаратылышынан ыр берметтерин көнөктөтө төккөн, куйкум сөздүү, жаманын жамандай, жакшысын жакшыдай айтып шыбап ырдаган ырчыдан экен. Найманбай Токтогул менен эки жолу жолугуп, эки жолу алым-сабак айтышыптыр. Ошонун биринде Найманбай:
Сары өзөн Чүйдүн боюнда,
Үч жүздөн ашык коюм бар.
Томояк ырчы Токтогул,
Топ жыйындын ичинде
Тоорушуп жыкчу оюм бар.
Жолугушка сен менен
Башынан кылган шертим бар, - дегенде Токтогул:

Башынан билем мен сени,
Балыктын уулу Найманым,
Манапты жандап май жеген
Шалпаң кулак тайганым.
«Ашка жарчы болдум» - деп,
Адыраңдап ырдадың,
Тийиштик кылып өзүмө,
«Томояк» деп сындадың.
Томояк болсом, тилим бар
Торгойдой сайраар үнүм бар.
Укканга элим ынтызар,
Манаптан башка тилиң жок,
Кожодон башка пириң жок,
Сенин ырың угаар кимиң бар? - дешип, узун сабак жаакташып айтышыптыр. Акырында Токтогул Найманбайды мыш кылыптыр. Ал эми Найманбай Эшмамбет менен айтышканда адаттагыдай эле беттен алып, акынды кемсинте Таластан качып Кетментөбөгө жөө келгенин мыскылдап айтып келип:

Балыктын уулу Найманбай,
Аштыгым бар ыр салган.
Баштаймын сөздү ар кандай
Каарыма келсем жүрөгүм
Каргылуу кара тайгандай.
Кеп-сөзүм учат дирилдеп,
Шамалга жүнүң жайгандай.
Каалап турган кебимди
Калың эл угат тайманбай.
Караансыз жетим сен эмес,
Качырып жоону сайгандай, - дегенде Эшмамбет Найманбайга жемин оңой эле жедире койбостон:

Сен Балыктын уулу Найманбай,
Сүйлөгөн сөзүң айбандай,
Сүлпөтүң жок көрүнөт,
Сөөмөй менен сайгандай, - деп, абийрин төгө ырдаптыр.


Ал эми Найманбай Калмырза менен мындайча айтышыптыр.

Найманбай:

- Калмырза балам, кедейсиң,
Кедей балам не дейсиң?
Оо жаанга калып куурадың,
Жан бүткөндү туурадың.
Кече эле күнү жарды элең,
Сен мынча неге дууладың?
Короого жатып куурадың.
Кой кепшесе туурадың.
Куур тон кийген жарды элең,
Мынча неге дуулдадың?
Оо, Калмырза томаяк,
Козу бактың жашыңан.
Бириңди бириң өлтүрүп
Кунсуз болдуң башынан.
Төшөккө жакшы жатпадың,
Бир кишиге батпадың.


Калмырза:

- О Найаке, ал айтканың дагы чын,
Жарды да болсом байыдым.
Жалгыз да болсом көбөйдүм.
«Устаттан шакирт өтөт» деп,
«Таскактаса Калмырза,
Тал чокуга жетет» деп,
Жаламыштын сазында,
Жапаркулдун ашында,
Жакадан алдым өзүңдү,
Топко ыргыттым сөзүмдү.
Алты болуш солтого
Мыктап айткын өзүмдү.
Кедей да болсом мырзамын,
Кер жорго сымал чуркадым.
Жарды да болсом мырзамын,
Жаанда жок жоргодой,
Жаа алла айткан молдодой,
Топ ичинде чуркадым.
Тойтоңдобой кое сал,
Сенин колуңдан түшкөн каскагың.
Кой артынан жетпестен,
Басаңдап калган таскагың.
Алыңды Наке байкагын,
Дагы нени айтайын?
Жар чакыраар кез келди,
Чолпонкул мени эп көрдү.
Туш-туштан калк чогулду,
Калмырза үнү угулду.
Топту көздөй кайтайын,
Толкуп сөздү айтайын, -
дешип, узун сабак жаакташып айтышат. Акырында Калмырза Найманбайдан жашы алда канча кичүү болсо да «күч атасын тааныбайт» болуп, аны кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып ырдап жеңип алат. Бирок, Калмырза Найманбайдын улуулугун урматтап, акындык аброюн сыйлап, ага ар дайым жол берип, таазим этип, өмүрү өткүчө «устатым» деп сыйлап өтүптүр.
XS
SM
MD
LG