Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

ТАЖИКСТАНДА КЫРГЫЗДАРГА МАМИЛЕ ДУРУС


Мирзохалим Каримов, Бишкек Тажикстанда жашаган кыргыздарга республиканын жетекчилиги улуттук араздашуу башталганга чейин, Советтер доорунда жакшы көңүл буруп, астейдил мамиле кылып келген. Республикада тынчтык орногондон кийин деле аларга карата жылуу мамиле жасалып жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Тажикстанда кыргыздар эң көп отурукташкан Жергетал районундагы элдин саны, соңку маалыматтарга караганда, азыр 50 миңден ашат. Анын 60% жакынын кыргыздар түзөт. Кыргызстандагы 20 миңден ашуун качкын кыргыздардын басымдуу бөлүгү мына ушул райондон ооп келишкен.

Советтер Союзу тараганга чейин жана азыркы учурда деле кыргыз райондорун кыргыз улутундагы кадрлар жетектеп, ѳлкѳнүн Жогорку Кеңешине ар бир райондон бирден депутат шайланып келатат. Мисалы, азыр Жергетал районун мындан бир нече жыл илгери Кыргызстандын Токтогул районунан ошол жакка келин болуп барган Зууракан Давлеталиева, Памирдеги Мургап районун ошол жердин таланттуу уулу Ыдырыс Шажановдор жетектеп жатышат. Мындан тышкары, ѳлкѳнүн ар кайсы министрликтеринде, мекеме-ишканаларында, уюмдарында түрдүү кызматтарда иштеп жаткан кыргыздар ондоп саналат. Тарыхый маалыматтарга караганда, Жергетал району 1931-жылы район болуп уюшулганда эле Гулама айылында жашаган кыргыз улутундагы Тагай деген адам аткаруу комитетинин алгачкы төрагасы болуп шайланган экен. Кыргыздар жашаган райондордогу кызмат орундарына кадрлар улутка карабай дайындалат. «Тажикстан болгондон кийин тигил же бул ишкананы сөзсүз түрдө тажик улутундагы кадр жетектеши керек» деген саясат жок. Кыргыз улутундагы кадрларга карата жасалган мамиле тууралуу Тажик Жумуруятынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, Жергетал районун бир нече жыл жетектеген кыргыз улутундагы тажрыйбалуу экономист Нисрат Хасанов мындай дейт:

- Республиканын көптөгөн мекеме-уюмдарында, укук коргоо органдарында, маданият тармагында, чарба жетекчилигинде кыргыз улутунун өкүлдөрү эмгектенишет. Мисал үчүн, Жергетал районун көп жылдардан бери Зууракан Давлеталиева жетектеп келатат. Жер комитетинин бөлүм башчыларынын бири - кыргыз улутундагы Шароф Жамолов. Айтор, мындай мисалдарды ондоп санаса болот.

Тажикстанда кыргыздарга карата астейдил мамиле жасалганы бекеринен эмес, албетте. Маселен, кыргыздар менен тажиктер аралаш жашаган Жергетал районунун эли тээ илгертен бери эле ынтымакташып, башка улуттарга айрыкча ушул жагынан өрнөк болуп келишкен. Жердин тардыгына, айдоо аянтынын аздыгына карабай, Союз доорунда жергеталдыктар республиканын картошка өндүрүү планынын 30% аткарып келгени, керек болсо азыркы кыйын заманда деле анын түшүмдүүлүгүн төмөндөтпөй жатышканы - кыргыздардын дыйканчылык сырларын терең өздөштүргөнүнүн, мээнеткечтигинин мисалы.

Жергеталдыктардын тил маселесинде жана жашоо-турмушунда бир топ өзгөчөлүктөрү бар. Маселен, бул жердеги бир дагы кыргыз же бир дагы тажик бири-биринин тилинде сүйлөй албайт деп айтуу кыйын. Эки улуттун өкүлү баш кошуп жашап жаткан үй-бүлөлөр четтен табылат. Бул аймактагы тажиктер менен кыргыздардын ортосундагы ынтымак тууралуу Жергетал районунун акими Зууракан Давлеталиева мындай дейт:

- Жергетал районунда кыргыздар менен тажиктер аралаш жашашат. Дээрлик ар бир үй-бүлөдө кыргызы да, тажиги да бар. Маселен, менин өзүмдүн эле үй-бүлөмдү ала турган болсок, келиним тажик кызы. А кызым болсо тажик улутундагы жигитке турмушка чыккан. Айтор, биздин элде улут жагы эч ажыратылбайт. Кыргыз-тажик деген сөз мында жок. Бардыгы достукта, биримдикте жашашат. Районубуз Тажикстанда мына ушул жагынан башкаларга үлгү болуп, жакшы жагынан айрымаланып турат. Жумуруяттын кайсыл жерине барбаңыз, «Жергеталдагы кыргыздар менен тажиктер бир үй-бүлөдөй ынтымакта жашашат» дешип, суктанып калышканын угасыз. Кыскасы, биз улуттук карама-каршылык, уруш-талаш деген сыяктуу тынчсыздандыра турган маселелерден алыспыз.

Тажик тилине мамлекеттик тил статусу берилгенден кийин 1990-жылдан баштап кыргыз, орус, өзбек тилиндеги мектептердин окуу программаларына тажик тили сабагы киргизилгенин эсепке албаганда, кыргыздардын өз эне тилинде эркин сүйлөшүнө, билим алышына кам көрүлөт. Ал түгүл кыргыз улутундагы абитуриенттерге жеңил болсун деген максатта алардын тарыхый мекениндеги жогорку окуу жайларына өтүп окушу үчүн көп жылдардан бери Дүйшөмбү калаасында сыноо өткөрүлүп келатат.

Улуттук араздашуу толкуну басылып, тынчтык өкүм сүрө баштагандан кийин Тажикстандын жетекчилиги улут аралык мамилени жакшыртуу маселесине өзгөчө көңүл бурган. Буга жумуруятта уюшулган «Улуттук биримдик» кыймылынын ишмердүүлүгүн мисал келтирсе болот. Тынчтыкты көксөгөн, араздашуудан далай азап чеккен эл бул кыймылдын ишин колдоого алган.
XS
SM
MD
LG