Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

ЧЫГЫШ МУХИТИНИН БОРООНУНАН КАЧКАН БЛЭР ӨЗ ҮЙҮНДӨ БАШКА БОРООНГО КАБЫЛДЫ


Атажуртуна Ыраакы Чыгыштагы өлкөлөргө жасаган сапарынан шаршемби күнү кечинде кайткан британ премьери Тони Блэр Ирак согушуна жол ачкан чалгын маалыматы менен байланыштуу жаңы күч менен жанган саясий жаңжалга кабылууда.

Британ премьери Тони Блэр Гонконгдогу иш сапарын мурда белгиленгенден бир күнгө кыскартты. Анын себеби – “Имбудо” деген ат берилген мухиттик улуу бороон-чапкындын Гонконгду көздөй жакындашы болду. Бирок британ өкмөт башчысы үчүн андан да олуттуу бороон өз өлкөсүнүн саясий чөйрөсүндө күтүп турду.

Британ өкмөтү Ирактагы согушту баштоого шыкакчы болгон чалгын маалыматын көбүртүп-жабыртып парламентке сунуш кылгандыгы тууралуу өз дарегине айтылган доолорду четке кагып үлгүрө албай жатканда, өзөктүк куралдар боюнча БУУнун мурдагы көзөмөлдөөчүсү, британдык адис Дэвид Келлинин өзүн-өзү өлтүрүшү менен байланыштуу жаңжал өчөөр отко май куйгандай эле болду.

Өкмөт “ак экендигин” байма-бай айтып коргонгон менен, Тони Блэр шейшемби күнү (22-июлда) Бээжинде студенттер менен жолугушуусу маалында эгерде өзүнүн калпыстыгы тастыкталса, анда аны британ эли кызматтан четтетиши деле мүмкүн экенин айтты:

- ...Менин өлкөмдө, эгерде эл-журт мага каршы болсо, анда эл мени кызматтан бошото алат. Эл мени добуш берүү жолу менен кызматтан ала алат, башка кимдир-бирөөнү бул кызматка шайлай алат. Бул – нагыз демократия эмеспи”.

Тони Блэр, албетте, бул сөзүн кызматтан кетүүгө даярдыгын билдирүү үчүн эмес, авторитардык кытай коомуна идеологиялык сабак берүү үчүн айтты.

Ал эми Британияда өкмөт гана эмес, буга чейин көз каранды эмес маалымат каражаты катары өз беделин сактап келген Би-Би-Си корпорациясы да ачуу сабак алууда.

Былтыр сентябрда британ чалгын кызматынын “Ирак 45 мүнөт ичинде массалык кыргын куралын колдонууга жетише алат” деген маалыматы өкмөткө жеткен. Маалымат кийин парламент депутаттарына да тааныштырылып, Саддам Хусейндин режимине каршы согуш ачууну жактоочулардын санын арттырган. Би-Би-Синин сындашынча, бул чийки маалымат өкмөт тарабынан көбүртүп-жабыртылып парламентке сунушталган.

Коргоо министрлигинин өзүн-өзү өлтүрүүгө мажбур болгон тажрыйбалуу курал-жарак адиси Дэвид Келлинин сөөгү өткөн жума күнү Лондондон көп алыс эмес токойдон табылган. Маркум Келлини Би-Би-Си үчүн тымызын маалымат берген өкмөттүк кызматкер болгон деп бул корпорациянын жетекчилиги жарыялаган соң, чатак ого бетер ырбады. Бир чети, өкмөткө карата ишеним кескин азайды, экинчи чети, Би-Би-Си өз атын атабоону өтүнүп маалымат берген кишинин ким экендигин эч бир шартта ачыктабашы керек эле, деги, корпорация өз калпыстыгын өлгөн адамга шылтап жатабы, жокпу, муну кантип далилдей алат? – деген сыяктуу күдүк ойлор, сын пикирлер айтылууда.

Европа саясаты боюнча лондондук серепчи Робин Оукли:

- Эгерде Би-Би-Синин далили маркум доктор Келли парламенттик комиссиянын уктуруусунда анча-мынча нерселерди ачыктабай койгонуна ишаара кылса, анда ал Би-Би-Сиге огожо боло алат. Бирок бул далил Би-Би-Синин Иракка каршы досьени даярдоого катышы бар жогорку кызматтагы киши менен баарлашканы тууралуу айрым билдирүүлөрүн тастыктай албайт, анткени доктор Келлиге мындай мүнөздөмө берүү калпысыраак болоор эле.

Оуклинин айтымында, Коргоо министри Жефф Хун да өз кызматкеринин коопсуздугун жана өмүрүн камсыз кыла албагандыгы үчүн адилет сынга татыктуу. Оппозиция болсо министр Хундан гана эмес, премьер Блэрден да алардын кызматтан чегинишин талап кылууда.

Ушул тапта лорд Брайан Хаттон төрагалык кылган тергөө тобуна өкмөт тарабы да, Би-Би-Си да олуттуу далил делчү материалдарын тапшырууда. Соңку чекти дал ушул тергөө иши койобу, же саясий окуялар таптакыр күтүлбөгөн нукта өнүгүп кетеби, министр түгүл, өкмөттүн өзү да садага чабылабы, азырынча алдын-ала боолголоо кыйын.
XS
SM
MD
LG