Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

КАРАЙИМ КАЛКЫ ӨЗ ТИЛИН САКТАП КАЛУУГА АРАКЕТТЕНҮҮДӨ


Айданбек Акмат уулу, Прага Карайим калкы жоголуп бараткан элдердин бири. Алар түрк тилдүү калктардын катарына кирет. Бирок учурда бул тил менен дүйнөдө 50гана адам сүйлөйт.

Карайим калкы түрк тилдүү элдердин кыпчак тобуна жакын. Алар кыпчактар менен бирге 8-10-кылымдарда Крымдагы Хазар каганатында жашаган. Ошол 8-кылымда карайимдер еврейлер карманган иудаизм динин тутушкан жана алар карманган багыт - «караизм» деп аталган.

Кийинчерээк карайимдер үч топко бөлүнүп кетишкен. Бир тобу Крымда калса, дагы бир тобу Украинанын Галиция аймагына отурукташкан жана бул жерде азыркы учурда өтө аз сандагы карайимдер бар. Караимдердин үчүнчү тобу Литва аймагында байырлайт.

17-кылымдын аягында 30га жакын топтон турган карайимдер коомчулугу Борбордук Европанын чыгыш тарабына көчкөн. Бирок жүз жылдын ичинде согуш жана жугуштуу оорулардын айынан алардын катары кескин суюлуп кеткен.

Литвада 1992-жылы жүргүзүлгөн эл каттоого ылайык карайимдер улуттук азчылык катары катталган. Алар туткан иудаизмдин түрү 8-кылымдагы Анан бен Давид негиздеген сектага жакын. Караимдер Эски Тооратты таанып, бирок анын Талмуд бөлүгүн четке кагышат. Карайимдер сыйына турган жерин «кинесе» деп аташат. Азыркы учурда Литвада эки «кинесе» бар. Алардын бири Вильнюста, экинчиси Тракай шаарында жайгашкан.

19-кылымда караимдердин интеллектуалдары өз элинин маданиятын, адабиятын өстүрүү, сактоо зарылдыгын түшүнүшкөн. Алардын адабияты еврейчиликке негизделген. Жазууда да алар еврей тамгаларын пайдаланышкан. Бирок кийинчереек караимдер кайсы мамлекетте жашаса, ошол жердеги алфавитти пайдаланып кетишкен.

Азыркы кезде карайим тилинде толук кандуу сүйлөгөн адамдардын саны 50нүн тегерегинде. Алардын 45и Литвада болсо, калган бешөөсү Украинада турушат. Ошондуктан ЮНЕСКО карайим тилин жоголуп бараткан тил катары баалоодо.

Карайим тилин сактап калуу боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылуу. Алардын бири - швециялык профессор Ева Ксато Йохансон тарабынан жүргүзүлүүдө. Ал карайим тилин үн жазгычтарга жазып, аны үйрөнүүнү каалагандарга үйрөтүүдө. Ева Йохансен айым Украинанын Галич шаарындагы карайимдер менен да жолугушуп, алардын тилин үйрөнгөн. Профессор бул тууралуу мындай дейт:

- Ушундай бир кейиштүү нерсе, Галичте азыр карайим тилинде сүйлөй алган 5 эле киши калган. Алар дагы улгайган кишилер. Бирок алар өтө аз болсо да тың. Маселен, өткөн жылы сентябрь айында алар Галичтеги карайимдардын тарыхы жана маданияты боюнча эл аралык конференция өткөрүштү жана ал абдан чоң кызыгууну пайда кылды.

Анын сөзү боюнча, конференция карайим тилин сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп калды.

Литвадагы карайимдердин тил, маданиятын сактоо боюнча мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүүдө. Бул мамлекеттеги карайимдердин лидери Карина Фиркавичюте карайим элинин салты, маданияты боюнча программалар иштелип чыгып, ал 250 кишиден турган карайим тобуна үйрөтүлүп, окутулуп жатканын билдирди:
- Литвадагы карайим маданий коомчулугу тилди сактап калууга, аны балдарга үйрөтүүгө аракеттенип жатат. Жай айларындагы эс алуу учурунда карайим балдарын чогултуп, алардын бирге болушун, карайим тилинде сүйлөшүн уюштуруп жатабыз. Бирок тил үйрөнүш үчүн бир жай азчылык кылууда, ал үчүн жылдар керек.

«Азаттыктын» серепчиси Чарльз Карлсонго Фиркавичюте айым Келечекте карайим тилин сактап калууга болорун, бул маселе боюнча оптимист экенин билдирген.
XS
SM
MD
LG