Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

САДДАМДЫН НАБЫТ БОЛГОН УУЛДАРЫНЫН СҮРӨТТӨРҮ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Бүбүкан Досалиева, Прага Бүгүн кечинде АКШ аскерлери Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин шейшембиде өлтүрүлгөн эки уулу - Удай менен Кусайдын сүрөттөрүн жарыялады. Си-Эн-Эн жана арабдардын эки сыналгы каналдары көрсөткөн бул сүрөттөр калкты Саддамдын уулдары чын эле өлгөн деп ынандырууга багытталган. Ирактын Убактылуу башкаруу кеңешинин айрым мүчөлөрү бүгүн маркумдардын сөөктөрүн өз көзү менен көрүшкөн. Эми АКШ өлүү же тирүү кармоо зарыл деп жарыялаган 55 таасирлүү ирактыктын анабашы – Саддам Хусейндин өзүн колго түшүрүүнү көздөөдө.

Бүгүн кечинде АКШнын Ирактагы аскер күчтөрү 22-июлда набыт болгон Удай менен Кусайдын канга бойолуп өлүп жаткан кезинде тартылган сүрөттөрдү маалымат каражаттарына көрсөтүштү. Ирактын Убактылуу башкаруу кеңешинин мүчөсү, өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Аднан Пачачи бул сүрөт Ирактагы күн сайын кайталанып жаткан АКШ аскерлерине каршы кол салуу аракеттерин токтотууга өбөлгө болооруна ишеничин айтты.

АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд шаршемби күнү кечинде Удай менен Кусайдын өлгөндүгү анык экендигин ырастоочу сүрөттөр жалпы элге көрсөтүлөөрүн жарыялап, бирок, анын качан жүзөгө ашырылаарын так айткан эмес. Ал эми саал мурдараак - шейшемби күнү Саддамдын эки уулу тең каза болгондугун жарыя кылган генерал–лейтенант, АКШ аскерлеринин Ирактагы командачысы Рикардо Санчес Мосул шаарындагы аткылашуу учурунда каза болгон төрт адамдын экөө Удaй менен Кусай экендигин Ирактын мурунку бийлигиндеги белгилүү төрт ишмер - Ирактын премьер министринин мурунку орун басары жана тышкы иштер министри Тарих Азиз, президенттин жеке катчысы Абд Хамуд ат-Тикрити, ошондой эле алардын аталаш агалары Ватбан жана Барзан ат-Тикрити өз көздөрү менен көрүп, ырасташкандыгын билдирген.

Андан тышкары СанчезУдай менен Кусай деп жоромолдонгон маркумдардын тиштери менен денелерин рентгендик текшерүүдөн өткөргөн адистер алар чын эле Саддамдын уулдарына таандык деген бүтүмгө келишкендигин, бирок, алар АКШдан дагы кошумча текшерүүдөн өткөрүлүп, канынын тутуму такталаарын билдирген. Аткылашууда акыркы болуп набыт болгон киши – Кусайдын 14 жаштагы уулу Мустафа болгондугу жоромолдонуп жатат.

Саддамдын улуу уулу, 38 жаштагы Удайдын жана Саддамдын мураскору болот деп жүрүшкөн 36 жаштагы Кусайдын өлтүрүлүшүнө коалиция жетекчилери Ирактын тарыхындагы жаңы бурулуш деп баа беришти. Ал тууралуу АКШ президенти Жорж Буш шаршембиде мындай деп айтты:

Кечээ, Мосул шаарында эки адамдын өлүмү менен эски режимге чекит коюлду.Саддамдын орун басарлары болгон уулдары сан жеткис ирактыктарды кыйнап, майып кылып жана өлтүрүшкөндүгү үчүн жоопкер эле. Эми мындан ары бардык ирактыктар эски режим бүттү жана ал эч качан кайтып келбейт деп билишсин.

Шейшембиден бери Мосул шаарында набыт болгон АКШ аскерлеринин саны улам өсүүдө. Жараат алган жоокерлердин саны да аз эмес. Айрым байкоочулардын баамында , ирактыктар АКШ аскерлеринен ушинтип өч алып жатышат.

Сүрөт көрсөтүлгөнгө чейин ирактыктардын бир далайы Удай менен Кусайдын чын эле өлгөнүнө ишенген эмес. Ал тууралуу мосулдук бир атуул: “Мен алардын өлгөнүнө ишенген жерим жок. Себеби, Саддам эки уулунун чогуу жүрүшүнө эч качан уруксаат берчү эмес” деп айткандыгын Эн-Би-Си телеканалы кабарлаган.

Ал эми коалиция аскерлерине Удай менен Кусайдын Мосул шаарындагы бир үйдө бекинип жаткандыгы тууралуу маалымат берген киши эми 30 миллион долларлык сүйүнчүсүн алат деп жатышат. Айрым маалымат каражаттары ал белгисиз киши - Саддамдын аталаш агасы Шейх Наваф аз-Зайдан Мухаммад деп жатышат. Тымызын маалымат берген киши азыр коалициялык аскерлер турган бир базада, катуу кайтаруу астында турат деп жатышат.

Шаршембиде болсо Саддам Хусейнге таандык делген үндү Дубайдагы “ал-Арабийа” сыналгы каналы угузду:

Душман өзү Ирактагы согуш техникалыкжактан аяктай элек деп айтып жатса, бул – кас душмандын оозунан чыккан жападан жалгыз чындык сөз. Албетте, согуш бүткөн жок. Күрөш, коомдук деңгээлдеби, аскердик деңгээлдеби, оңой бүтүп калбайт”, - деди Саддам деп жоромолдонгон киши.

Кандай болгон күндө да, Саддам Хусейндин ордун басышы мүмкүн болгон эки уулунун өлтүрүлүшү менен Иракта эски режим кайта келбесине жана чын эле жаңы өкмөттүн түзүлүшүнө үмүт пайда болгонсуп, Саддамды жактоочулардын демин сууткандай болуп калды. Саясат иликтөөчүлөр болсо, Ирактын келечеги, коалиция жетекчилеринин аракетине да байланыштуу, бирок ирактыктардын өз демилгеси болмоюнча өлкөнү кайра калыбына келтирүү иштери майнапсыз аякташы ыктымал деп жатышат.

XS
SM
MD
LG