Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Адистер Азияда аба-ырайы туруксуз болуп жатканын айтышууда


Айрыкча алар Каспийдин батыш тарабынан Тынч океандын чыгышына чейинки аймакта жайгашкан Азиялык мамлекеттерде аба-ырайы бузулуп, жаратылыш кырсыктары көбөйгөнүн белгилешүүдө. Аталган аймактагы Кытайдын түштүк чөлкөмдөрүн каптаган кум учурган катуу шамалдан ондогон кишилер жараат алып, темир жол кыйроого учураганы кабарланууда. Көз ачырбаган катуу шамалдын кесепетинен Гуанчжоудагы эл аралык аэропортто аба каттамдары үзгүлтүккө учурады. Ушундай эле катуу шамал Ооганстандын Фазах провинциясындагы бир нече айылды кумга көөмп, 12 миңдей кишиге запкы келтирди. Кытайдын батыш бөлүгүндөгү айрым аймактарда күн катуу ысып, дыйкандар кургакчылыктын азабын тартууда. Окумуштуулар Казакстан, Кыргызстан, Тажикстанда жаздан бери болгон чакан сел, жер көчкүлөрүн жалпы региондогу кырдаал менен байланыштырууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG