Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Иран "aл-Каиданын" бир катар белдүү мүчөлөрүн колго түшүргөнүн расмий түрдө жарыялады


Ирандын чалгындоо министри Али Юнуси шаршембиде Ооганстанда талибдердин бийлиги кулагандан бери "ал-Каиданын" айрым маанилүү өкүлдөрү тузакка илингенин билдирди. Тегерандын расмий өкүлү кармалгандардын ысымдарын атоодон баш тартты, тек гана камактагы ал-каидачылардын айрымдары Иранда соттолуп, кээ бирлери мекенине кайтарылаарын, калганы келген тарабына жөнөтүлөөрүн маалымдады. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Ирандын бул билдирүүсүн "өтө кызыктуу өнүгүү" катары баалап, "эми Тегеран ал туткундардын тагдырын кандай чечээрин көрө жатарбыз", - деп кошумчалады. Ак үйдүн басма сөз катчысы Скотт МакКлеллан Тегерандын билдирүүсү Иранда «ал-каидачылар» бар деп айтылып жүргөн пикирди бышыктаарын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG