Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

АКШ Саддам Хусейндин окко учуп өлгөн эки уулунун сүрөттөрүн коомчулукка жарыя кылды


Ирактын түндүгүндөгү Мосул чөлкөмүндө бүгүн белгисиз куралчандар капыстан ачкан октон 3 америкалык жоокер набыт болду. Окуя тууралуу Пентагондун өкүлү Моника Уалден буларды билдирди:

- 101-аба дивизиясынын аскерлери буктурмадан жаадырылган ок-гранатага туш болушкан. Окуя Мосулдун чет жагында таңкы 2.30да орун алды.

Ушул эле күнү Дубайда жайгашкан "aл-Арабия" телеканалы беттерин чүмбөттөп алган федаин согушкерлери Саддам Хусейндин уулдарынын өлүмү үчүн АКШ аскерлерине каршы чабуулун күчөтүүгө ант берип жатышканын көргөздү. Багдадда болсо, аскерий кайгуулдун токтотконун көзгө илбей өтүп бараткан машинени көздөй ок ачылып, анын ичиндеги эки ирактык жантаслим болушту. Кечке жуук Ирактагы америкалык командачылык Саддамдын уулдары – Удай
менен Кусайдын өлүктөрү тартылган сүрөттөрдү жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG