Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:34

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕЛЕРИ ТАТААЛДАШЫП БАРАТАБЫ?


Кыргыз-өзбек чек арасында болгон 16-июлдагы ок атуу жана андан кыргызстандык атуулдун набыт болушу коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, кыргыз-өзбек мамилелерине байланыштуу ар кыл көз караштардын жаралышын шарттады.

Кыргыз-өзбек чек арасында кыргызстандык атуулдун атылып өлтүрүлүшү коңшу эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин оош-кыйыштарын кайрадан эске салды. «Түбөлүк достук келишимине» эгемендүүлүк жылдарынын башында кол койгон бул эки өлкөнүн ортосунда чек арага байланышкан пикир келишпестиктер кыйла жылдан бери уланып келатат. Июль айынын башында болгон өкмөт аралык комиссиянын акыркы отуруму деле кандайдыр-бир тыянакка келген-келбегени ачыкталган жок.

Өзбекстан чек араны делимитациялоо иши кыргыз тараптын күнөөсү менен бүтпөй келатканын айтат. Кыргызстан болсо чек арада, анын ичинде Сох аймагында миналарды жайгаштырганы үчүн коңшусуна нааразы. «Мындай жагдай Кыргызстанга материалдык, моралдык чыгымдарды эле алып келбестен, эл аралык нормаларды бузуп жатат», - деп эсептейт кыргыз тарап. Мына ушул өңдүү дооматтарды чече албай турган чакта өзбекстандык чек арачы кыргызстандык атуулду атып салды. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 18-июлда эки, 22-июлда бир нота жөнөттү. Акыркы ирет кайрадан нота жолдошуна Өзбекстандын ок атуу боюнча Кыргызстанды айыптаган нотасы негиз берди.

- Тынч күндөрү курал колдонуу Өзбекстандын нотасында айтылган себептер менен акталбай тургандыгын министрлик өз нотасында белгиледи, - дейт нотанын мазмуну тууралуу министрликтин КМШ боюнча башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов. - Ошондой эле кыргыз тарап мурдагы нотадагы өз талаптарын, анын ичинде Өзбекстандын ок аткан чек ара кызматчысына карата чара колдонуу, мындан ары жооптуу кызматкерлер тарабынан мындай аракеттер жасалбаш үчүн тиешелүү чара көрүү талаптарын Өзбекстан аткарышы керек экенин дагы бир жолу баса көрсөттү.

Акыркы күндөрү байма-бай кайталанып жаткан нота алмашууга карата талдоочулардын көз караштары ар түрдүү. Маселен, айрым байкоочулар муну «дипломатиялык согуш» катары санап, кадыресе көрүнүш катары баалашууда. Башка бир көз караштарда акыркы окуя эки өлкөнүн мамилесинин курчуп баратканынын күбөсү катары айтылууда. Маселен, саясий баяндамачы Турат Акимов мындай дейт:

- Маселенин жылдан-жылга курчуп келатканы сезилип атат. Проблемалар карым-катыштын ортосуна «сайылып» калып атат .

Президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаковдун пикиринде, буга чейин өзбек миналарына жарылып каза тапкан кыргыз жарандарын эске албаганда да, акыркы окуяда Өзбекстандын күнөөсү айдан-ачык болуп турат. Бирок, мындай жагдайды дипломатиялык жол менен гана чечиш керек.

- Мындай кырсыкты болтурбаш үчүн колдон келген аракеттердин бардыгын жасап атабыз. Бирок, ошол аракеттердин бардыгы эл аралык, юридикалык негиздердин жөнү менен болушу керек. Дипломатиялык, саясий жолдор бар, - дейт Болот Жанузаков.

Эл арасында «Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы оош-кыйыш мамилелер мамлекет башчыларынын ортосундагы пикир келишпестиктен улам пайда болуп жатат» деген ойлор да айтылууда. Мындан ириде эки өлкөнүн карапайым калкы гана жабыркап жатканы да белгиленет. «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеевдин айтымында, маселени чечүүгө парламенттик да, өкмөттүк да комиссия кудуретсиз. Маселе эки президенттин тил табышына жараша гана чечилет жана ансыз жагдай курчуп кетиши ыктымал.

- Түздөн-түз Аскар Акаев өзү президент И. Каримовго чыгышы керек. Бул экөө сүйлөшүп гана жөндөй турган маселе болуп калды. Маселени ырбатпай туруп, тезирээк алдын-ала сүйлөшүш керек, - дейт Жыпар Жекшеев.

Чындыгында эле мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы акыркы проблемалар боюнча ич ара сүйлөшүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат тарай элек. Кыябы келгенде алар бири-бирин кыйыр сындап жүрүшкөнүн байкоочулар маал-маалы менен белгилеп келишет.

Кыргыз президенти Бишкекте НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсондун Кыргызстанга келишине байланыштуу өткөн маалымат жыйынында чек араны жаңы техникалык каражаттар менен жабдуу зарыл экенин белгилеген.

- Мен лорд Жорж Робертсонго ириде биздин чек араларды техникалык жабдуу каражаттары менен камсыз кылууга колдоо көрсөтүүнү сунуш кылдым, - деген Аскар Акаев маалымат жыйынында. - Себеби, өлкөнүн коопсуздугу чек ара коопсуздугун бекемдөөдөн башталат. Чек араны миналар менен эмес, адамга коопсуз, мыкты электрондук каражаттар менен бекемдеш керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG