Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Жалалабад облустук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө кол салгандардын соту бүгүн улантылды


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүнкү соттук териштирүүдө төрт соттолуучу менен эки жабырлануучу көрсөтмө берди. Соттолуучу Жекшен Абдрасулов топтун башчысы Адыл Каримовдун «бийликке жете албасак да Феликс Куловду бошотуш керек» дегенин күбөгө тартты. Жумушсуз жүргөн Жоомарт Орозалиев менен Данияр Калыков, А. Каримов «ишке алам» дегенинен топко кокусунан кошулуп калгандыгын билдиришти. Айыпталып жаткан үч жигиттин көрсөтмөсү боюнча, А. Каримов топтун мүчөлөрүнө эч кимге залал келтирбей, мылтык атпай, ички иштер бөлүмдөрүнөн курал-жарак гана алууну тапшырган. Ал тартип коргоо мекемелерине кирүүчү жана курал-жарак сакталган бөлмөлөрдүн жайгашуусун чийме менен көрсөткөн. 15-майда күзөттө турган облустук ички иштер башкармалыгынын эки адиси топтун мүчөлөрү ал күнү мастык менен агрессивдүү мамиле кылганын айтышты. Алар, кол салгандар курал-жарак бөлмөсүнүн ачкычын талап кылып уруп-сабашканын, натыйжада түрдүү деңгээлде жарат алышкандыгын мисал келтиришти. Шаардык бөлүмдүн кезметтик айдоочусу Бахадыр Үлчебаев эки кызматкердин колу байланып жерде жаткандыгын көргөнүн айтып берди.

XS
SM
MD
LG