Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Табият кырсыктарынан жапа чеккен айылдарды калыбына келтирүүгө 70 млн. сом зарыл


БИШКЕК. Бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, 21-июль күнү Чүй облусунун аймагында болгон катуу селден бир адам каза болгону жана эки жаш баланын жоголгону аныкталды. Ал эми селден жапа чеккен Чүй облусунун аймагындагы айылдарды калыбына келтирүү иштерине 70 млн. сомдой каражат зарыл. Бул туурасында кечээ премьер-министр Николай Танаев Кыргызстандын донору болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолукканда билдирди. Ал тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөт башчысынын айтымында, Оруусай капчыгайындагы сел 6 көпүрөнү, 20 чакырымдай жолду жана Улуттук илимдер академиясынын дача айылындагы 100дөн ашуун үйлөрдү жууп кеткен. Суу баскан аймактан 180дей адам көчүрүлгөн. Андан тышкары, Николай Танаев күндүн катуу ысышы менен Бишкектин айланасындагы 15 суу сактагыч менен көлдөргө суу толуп, ташып кетүү коркунучу бар экенин белгиледи. Кыргыз өкмөтү селден жапа чеккен айылдарды калыбына келтирүү иштерине каражат сурап эл аралык уюмдарга кайрылды. Жолугушуу учурунда Азия Өнүктүрүү Банкы селдин кесепеттерин жоюу иштерине каражат бөлүү ниетин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG