Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Өлкөнүн акыркы 6 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары жарыяланды


БИШКЕК. Улуттук статистика комитети 2003-жылдын 6 айындагы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктарын жарыялады. Анын маалыматтарына караганда, акыркы жарым жыл ичинде өлкөнүн ички дүң продукту 29 млрд. 545 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 2,3% өстү. Ал эми өнөр жай продукциясынын көлөмү 22 млрд. 703 млн. сомго барабар болуп, 2002-жылдын биринчи жарымындагы көрсөткүчкө караганда 2,5% жогорулады. Айыл жана токой чарбалары 11 млрд. 394 млн. сомдук продукция чыгарды. Бирок, бул көрсөткүч өткөн жылдын биринчи жарымына караганда 3,5% төмөндөдү. Инфляциянын деңгээли өткөн жарым жылда 3,1% түздү. Ал эми экспорттун көлөмү өткөн 5 айдын ичинде 200 млн. долларды, импорттун көлөмү болсо 242 млн. долларды түздү.

XS
SM
MD
LG