Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

БЮДЖЕТТИ СЕКВЕСТИРЛӨӨ КҮТҮЛӨТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Бюджеттин киреше бөлүгү пландагыдан аз болуп, чыгаша бөлүгү болсо андан ашып кетти. Бюджеттин тартыштыгы Жогорку Кеңеш бекиткен өлчөмдөн өсүп кетүү коркунучу чыкты. Өкмөт бюджеттин чыгымдарын азайтуу ишин баштоого кам көрүүдө.

Быйыл бюджеттин тартыштыгы Жогорку Кеңеш бекиткен өлчөмдөн 1 млрд. 171 млн. сомго ашып кетиши мүмкүн болуп жатат. Ошондуктан өкмөт бюджеттин чыгымын секвестирлөө (кесүү) ишине киришти. Дүйшөмбү күнү өкмөт башчысы Николай Танаев финансы министри Болот Абилдаевди өзүнө чакырып, аны менен эсепти дагы бир жолу тактап, кайсы беренени кыскартуу керек экендигин сүйлөштү. Албетте, бюджеттин корголгон беренелери азайтылбайт. Биздин маалыматтарга караганда, Николай Танаев Финансы министрлиги даярдаган бюджетти секвестирлөө планын карап көрүп, анын айтым жерлерине макул эместигин билдирген. Ал министрге планды дагы бир жолу тактап, кайра алып келүүнү тапшырган.
Финансы министрлигинин божомолу боюнча, быйыл бюджетке акча Жогорку Кеңеш бекиткен планга караганда 315 млн. сомго аз түшөт. Бул 6 айдын жыйынтыгынан эле көрүнүп калды.

- Тилекке каршы, киреше бөлүгүн да аткара алган жокпуз. Республикалык бюджетке, атайын каражаттарды кошпогондо, 6 млрд. 396 млн. сомдук ресурс түштү. Пландын аткарылышы 95,6% түздү, - деген болчу Борбордук казыналыктын директору Саидбек Зулпуев 10-июлда журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп жатып. Ал планды Бажы департаменти аткарып, Салык департаменти болсо ага карата 118 млн. сом аз бергендигин айткан болчу. Кийин министрликтин маалымат кызматы министрликтин коллегиясы болуп, анда Салык департаментинин иши “канааттандырарлык эмес” деп табылганын кабарлаган.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү да ошондой абалда. Ал бекитилген пландан азыр эле 512 млн. сомго ашып кетти. 6 айдын ичинде жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюш үчүн 163 млн. сом бөлүнгөн. Бул акча 2003-жылдын бюджетинде каралган эмес. Учурунда буга Эл аралык Валюта Фондунан уруксат алуу кыйынга турган.

- Мурдагы күнү Тапио Саавалайнен экөөбүз ушул жерден бири-бирибизге нааразы болуп ажырашканбыз. Кечээ эртең менен эксперттердин пикир алышуусунан кийин биздин өлкөнүн өнүгүшү үчүн зарыл маселелер боюнча тил табыштык, - деген эле Николай Танаев бул сүйлөшүүлөр жөнүндө.

- Биз бюджеттин тартыштыгын 2- жана 3-кварталда көбөйтүп, тобокелге бардык. Бирок жаратылыш кырсыктарынан улам ушундай кадамга баруу зарыл болду. Өлкөдө ликвиддүү каражаттын өскөнүнө карабай, мен абал көзөмөлдөн чыкпайт деп ойлойм, - деген эле Эл аралык Валюта Фондунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен Бишкекке апрель айында келгенде.

Бюджеттин чыгаша бөлүгүндө пландан ашык сарпталган 512 млн. сом жыл аягына чейин дагы өсөт. Анткени, аткарыла элек жана акча талап кылган президенттин указдары жана өкмөттүн токтомдору бар. Алар планга кирген эмес. Аларды кошкондо, Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, бюджеттин чыгыша бөлүгү пландагыдан 856 млн. сомго ашып кетет. Бюджеттин тартыштыгы болсо, жогоруда айтылгандай, 1 млрд. 171 млн. сомго көбөйөт. Ошентип, азыр өлкөнүн казынасында чоң “тешик” пайда болду. Бирок өкмөт аны жамап алаарына шек жок. Анткени, бюджеттин тартыштыгы - Эл аралык Валюта Фондунун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири. Ошого жараша Кыргызстанга акча бөлүнөт. Ага жараша Кыргызстандын тышкы карызын кечүү маселеси чечилет.

XS
SM
MD
LG