Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Монровияда кан төгүү


Либериянын борбору Монровия шаарынын айланасында өкмөттүк күчтөр менен куралдуу оппозициянын атышуусунан бүгүн 12 киши каза болду. Өлкө борборун куралдуу топтордон президент Чарльз Тейлорго караштуу аскерлер коргоп жатат . Бириккен Улуттар Уюмунун Либериядагы элчиси Жак Клайн Либериядагы «абал толук туруксуздашканын» кечээ күнү билдирип, өлкөгө тынчтык кармоочу күчтөр киргизилбесе гуманитардык катастрофа болушу ыктымал деген. Анын айтымында, жарандык согуштун шартында БУУнун жардам берүү аракеттери натыйжасыз болууда. Жакын арада Либерияга Нигериядан эки батальон келет, бирок бул жерде АКШнын аскерлери болуш керек, дейт элчи Жак Клайн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG