Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Орус президенти долбоор түзүүчүлөрдү кабыл алды


Орусия, Украина, Беларус жана Казакстан биргелешип курууга ниеттенген экономикалык шериктештиктин долбоорун түзүү үстүндө иштеген жогорку даражалуу жетекчилерди бүгүн Москвада орус президенти Владимир Путин кабыл алды. Төрт мамлекеттин өкмөт башчыларынын орун басарлары бул өлкөлөр ортосунда түзүлүүчү эркин соода аймагынын долбоорун көрсөтүштү. Бул долбоорго сентябрь айында кол коюлууга тийиш. Путиндин айтымында глобалдашуу жараяны баары бир өлкөлөрдү жакындашууга алып келет. Бул тууралуу Владимир Путин мындай деди: Бирдиктүү экономикалык аймак түзүү канчалык кыйын болбосун, дүйнөлүк экономикада жүрүп жаткан глобалдашуу жараяны баары бир бизди мына ушул жолго салат. Беларус өкмөт башчысынын орун басары Андрей Кобяков жаңы шериктештиктин келечегине анчалык ишене бербесе, орус вице премьер министри Виктор Христенко 5-7 жылдан кийин төрт мамлекет бирдиктүү экономикалык аймакта жашап калат деген ойдо экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG