Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:19

Cаддам Хусейиндин уулдарынын сөөгү калайыкка көрсөтүлдү


Бүгүн Ирактагы Америка аскерлери Саддам Хусейиндин уулдары Кусай менен Удайдын сөөгүн көз карандысыз журналистерге көрсөттү. Бул кадам алардын өлгөнүнө дале шектенип жаткан жарандарды ишендирүүгө багытталган. Саддам Хусейиндин уулдарынын набыт болушу, Иракта коопсуздуктун чыңдалышына алып келет деген АКШнын Ирактагы админстрациясынын башчысы Пол Бремер окуяны мындай баалады: Бул стратегиялык маанилүү нерсе болду. Бул Ирак мындан ары эркин мамлекет экенине, ал эми БААС партиясынын келечеги жок экенине ирактыктарды ишендирүүгө бизге жардам берет. Бүгүнтөн баштап Болгариянын 30 аскери Ирактагы АКШ баштаган коалициялык аскерлерге кошулду.Болгария Иракка 500 аскер жиберүүгө ниеттенүүдө. Алар Польша командачылыгынын астында Ирактын борборунда жана түштүгүндө кызмат өтөмөкчү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG