Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Жакырчылыкты азайтуудагы бейөкмөт уюмдардын ролу талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте бейөкмөт жана жамааттык уюмдардын жакырчылыкты азайтуу ишиндеги ролун арттырууга арналган улуттук семинар болуп өттү. Ага президенттик администрациянын алдындагы «Комплекстүү өнүгүүнүн негиздери» боюнча катчылык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы демилгечи болушту. Семинарда Улуттук илимдер академиясынын Социалдык изилдөөлөр борбору жүргүзгөн иликтөөсү жарыяланды. Иликтөө «Комплекстүү өнүгүүнүн негиздерин» жана Жакырчылыкты азайтуу боюнча улуттук стратегияны турмушка ашырууда бейөкмөт жана жамааттык уюмдардын өкүлдөрүнүн ролун изилдеген. Аталган борбордун жетекчиси Чынара Биялиеванын айтымында, бейөкмөт уюмдардын жардылыкты азайтуудагы ролун бийликтин жогорку бутагындагы өкүлдөрү жакшы түшүнүп, колдоо көрсөтүшөт. Бирок облустук, райондук жана айылдык бийлик өкүлдөрү бейөкмөт уюмдардын бул багыттагы иштерине маани бербей, ал тургай бут тоскон учурлар да бар. Андан тышкары, чет элдик донор-уюмдар грантты белгилүү бир бейөкмөт уюмдарга кайра-кайра бөлүп, башка бейөкмөт уюмдар бир да жолу грант ала албай калган учурлар көп. Жыйында Бишкек шаарындагы, Чүй облусундагы бейөкмөт уюмдар алыскы облустардагы кесиптештеринен алда канча алдыга кеткени белгиленди. Семинарга Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү Кристина Мусиси жана Дороти Розенберг, «Каунтерпарт концорциум» уюмунун өкүлү Эркин Касыбеков катышты.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Кубат Оторбаев жана Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG