Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Караколдо Акыйкатчынын Ысыккөлдөгү өкүлчүлүгүнүн кеңсеси ачылды


КАРАКОЛ. Бүгүн Караколдо Акыйкатчынын Ысыккөл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кеңсесинин расмий ачылыш аземи өттү. Аземге Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада Акыйкатчынын облустагы өкүлү Эркинбек Абдылдаев бул өкүлчүлүк ачылгандан бери Акыйкатчы институтунун статусуна жана укуктук чөйрөсүнө ылайык бир катар иштердин аткарылганы тууралуу маалымат берди. Анын айткандарына караганда, конституциялык укуктарын коргоп берүү талабы менен 35 атуулдан арыз түшкөн. Көпчүлүк арыз ээлеринин суроо-талаптары канааттандырылды. Ал эми Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгүнө иштөөгө ыңгайлуу жай бөлүп бергендиги үчүн жергиликтүү жетекчилерге ыраазычылык билдирди. Өкүлчүлүккө Турсунбай Бакир уулу бир компьютер жана өтө керектүү деп эсептелген баалуу китептерди белек катары тапшырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG