Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Кытай-кыргыз-өзбек темир жолун куруу боюнча макулдашууга 2003-жылдын аягына чейин кол коюлмак болду


БИШКЕК. Кытай-кыргыз-өзбек темир жолун куруу боюнча макулдашууга үстүбүздөгү жылдын аягына чейин кол коюлушу күтүлөт. Бул темир жолдун долбоору аягына чейин иштелип чыга элек. Долбоор даяр болгон соң ал Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Кытайдын өкмөттөрү жана парламенттери тарабынан каралып, жактырылышы керек. Бул тууралуу маалымат бүгүн Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Темир жолдорду куруу боюнча мамлекеттик дирекциядан алынды. Кытай-кыргыз-өзбек темир жолун куруш үчүн болжол менен 1,5 млрд. доллар талап кылынат. Бирок, бул чыгымды жергиликтүү ресурстарды пайдалануу аркылуу 1 млрд. долларга чейин азайтса болот. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, кытай-кыргыз-өзбек темир жолу курулгандан кийин Кыргызстан жылына 250 млн. долларга чейин киреше алып турмакчы. Темир жол Кытайды жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүн Европа, Түркия, Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңу менен байланыштырат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG