Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Таластын айрым тургундары өздөрү иштеп чыккан газды жана электр энергиясын пайдалана башташты


ТАЛАС. Бакайата районунун айрым айылдары өздөрү иштеп чыккан газ жана электр энергиясын пайдалана башташты. Райондук администрациясынын адиси Кыялбек Үсөновдон бүгүн алынган маалыматка караганда, райондун Акдөбө айылында сууну пайдалануучулардын «Дан» аттуу ассоциациясы түзүлгөн. Анын жетекчиси Самүдүн Көкчолоковдун түзгөн долбооруна ПРООН былтыр 7500 доллар бөлүп, ошол долбоор үзүр бере баштады. Райондогу Кызылчарба, Акдөбө, Кызыл Октябрь, Кыргызстан айылдарында отоо чөптөн жана малдын кыгынан алынган газ аялдардын күнүмдүк тиричилигин бир топ жеңилдетти. Ал эми газ алынып бүткөндөн кийинки суюктук баалуу жер семирткич катары бир литри 10 сомдон сатыла баштады. Долбоордун экинчи бир жаңылыгы - саатына 5 кВатт энергия берип жаткан кичи ГЭС аппараты Кызылчарба айылында арыктын суусуна иштеп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG