Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

ЕККУ Кыргызстандагы «Өнөктөштүк форумунун» ишин оң баалады


БИШКЕК. Кечээ Венада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Туруктуу кеңешинин жыйынында 19-июлда Бишкекте өткөн «Өнөктөштүк форумунун» жыйынтыктары талкууланды. Форумдун иши жөнүндө Кыргызстандын ЕККУдагы туруктуу өкүлү Аликбек Жекшенкулов доклад жасады. А. Жекшенкулов форумда бийликтин, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү пикир алмашуу болгондугун жана Кыргызстандын негизги баалуулуктары - адам укуктары, демократиялык жараяндарды өнүктүрүү жана калктын ишенимине ээ болгон мамлекеттик бийлик экендигин белгиледи. Жыйынга катышкан АКШ, Италия, Орусия, Канада, Швейцария, Түркия, Голландия жана башка өлкөлөрдүн элчилеринин көпчүлүгү Бишкекте өткөн форумдун жыйынтыктарын оң баалап, Кыргызстан демократиялык жол менен өнүгүп жаткандыгын айтышты. ЕККУнун Туруктуу кеңеши жалпысынан «Өнөктөштүк форумунун» жыйынтыктарын жактырып, өлкөнүн коопсуздугун жана стабилдүүлүгүн чыңдоо боюнча кыргыз бийлигинин иш-аракеттерин колдоду. Бирок, Кыргызстандын айрым укук коргоочулары «ЕККУнун мындай жыйынтыгына элчи Аликбек Жекшенкуловдун Кыргызстандагы абал жана форум жөнүндө берген бир жактуу маалыматы өбөлгө болду» деген пикирлерин айтышууда.

XS
SM
MD
LG