Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Өзбекстан Кыргызстанга дагы бир нота жолдоду


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен кезектеги нота алды. Бул тууралуу маалымат Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдон алынды. Анын айтымында, Өзбекстандан келген нота Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 22-июлда Өзбекстанга жиберген нотасына жооп болуп эсептелет. Бирок, кат аркылуу Өзбекстан бул жолу кандай позицияны билдиргенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ачыктай элек.
16-июлда Карасуу шаарында өзбекстандык чек арачынын огунан Кыргызстандын атуулу Адыл Үркүнбаевдин каза табышына байланыштуу эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери ушуну менен бири-бирине экиден жолу кат жазышты. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейинки 21-июлда жазган катында эки өлкөнүн чек арачыларынын кырсык болгон күндөгү протоколуна таянып, «айып кыргызстандык атуулдардан кеткен» деген болчу. Ага жооп катары 22-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга кайра кат жолдогон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG