Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

АКАДЕМИК АБДУЛХАЙ АЛДАШЕВДИН АКЫРКЫ КЕРЭЭЗИ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек http://gdb.rferl.org/322F8F2B-F981-46F9-9F9B-3998C0C9D154_w203.jpg 23-июлда кыргыз элинин дагы бир акылман карыясы, таанымал инсан, академик Абдулхай Алдаш уулу дүйнө салды. ХХ кылымдын соңунда кыргыз эли «кылымдын залкар адамдары» аталган Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев сымал акылман карыялары менен түбөлүккө кош айтышса, жаңы кылым башында алардын ордун ээлеп, Бакай атадай насыяттарын айтып, өчпөс чыгармаларын жазып, Бишкекте тынч турмушун өткөрүп жаткан 85 жаштагы Абдулхай Алдаш уулунан ажырады. 26-июлда Бишкек шаарындагы Т.Абдымомунов атындагы Академиялык драма театрынын имаратында маркумдун сөөгү менен коштошуу аземи болот.

Кечээ эле «Азаттыктын» Бишкек студиясында улуттук дөөлөт, нарк-насил, элдин улуу касиеттери тууралуу чечилип сүйлөп, угармандардын черин жазган акылман карыябыздан түбөлүк ажырап отурабыз. Бул суук кабар жалпы кыргыз элинин кабыргасын кайыштырып, кайгыга салды. Абдулхай ава 1918-жылы 19-декабрда Жетиөгүз районундагы Аккочкор айылында төрөлгөн. 1939-жылы Кыргыз айыл чарбасы институтун бүтүргөн. Бүткүл өмүрүн илимге, чыгармачылыкка, билим берүү тармагына арнаган маркум тууралуу канча эскерсек да аздык кылаар. Академик Абдулхай Алдаш уулу биология, фармакология илимине өзгөчө салым кошту. Ал 30дай заттын дарылык баалуулугун ачып, анын 11ине ойлоп табуучунун автордук күбөлүгүн алган. Илимдин доктору, профессор, академик даражаларына татыктуу эмгектери, маңдай тери менен жетишкен. Абдулхай Алдаш уулу таланттуу акын, энциклопедиялык билими бар окумуштуу болгон. Ал 3 романдын, жүздөгөн публицистикалык очерктердин автору. Булардын баары айта келсе оңой, бирок ар биринин артында канчалаган мээнет, түн уйкусунан түйшөлткөн чыгармачылыктын азап-тозогу жатат. Эң башкысы - Абдулхай Алдаш уулу улуу инсан, эл урматтаган акылман карыя болгон. Ал өз элин сүйгөн, анын түйшүгүнө, кыйынчылыгына күйгөн патриот эле. Анын акыркы жолу «Азаттык» радиосуна келип куруп берген маеги анын элине, курбалдаш карыяларына, жаштарга керээз сыяктуу туюлат.

- Мына, «биз ХХ кылымга, же болбосо Совет өкмөтүнө кокту-колоттон түшө калдык, жылаңач элек, кийим кийдик, маданиятыбыз жок эле, маданияттуу болдук» деген түшүнүк менен келбедикпи. Чындыгын айтканда «кыргыз эли өз мамлекеттигин курганына, аны башка элдер тааныганына быйыл 2200 жыл болот» деп атпайбызбы. Демек, биз байыркы элбиз. Өзүбүздүн байыркы маданиятыбыз бар. Бизде көчмөндөр маданияты, анан ошол көчмөндөрдүн коомунда жалпы ойду чогулуп туруп, эл алдында аны бекитип, же болбосо элдин күчү менен аны жоготуп турган. Эл деген өзү - тарыхтагы муундар. Бу муундар деген өзү эмне? Муун деген - элек. Ата-бабадан келаткан, же болбосо көргөн нерселерди электеп турат кийинки муун. Эгерде салтка туура келбесе, акылга сыйбаса - аны ар бир муун электеп улпак катары эле чыгарып коет, - деди эле жарыктык.

Маркум Абдулхай агай «элди алдыга сүрөп, баа жеткис акыл-насааттарын айтуу - карыялардын ыйык милдети» деп эсептечү. Соңку кездерде курбалдаш карыяларынан нарк кетип, калк алдындагы кадыр-баркынын, таасиринин азая баштаганына өтө тынчсызданып, анын башкы себебин ар убак ачык айтып келди.

- «Карынын кебин капка сал» деген - байыртан берки келаткан биздин постулат. Бирок кийинки кезде бузулуп баратат. Анын себептери да болду. Бирѳөлөрдүн көзүн карап, өзүбүз үйүбүз болсо да төрүнө өтө албай, төрүн башкага берип керегеде жашап келгенден улам, мурдатан бери ыйык туткан карылардын да касиети кетип калды. Анан дагы, акыркы 50 жылда «карынын сөзүн кепке сал» деген сөздүн баркынын кетишине арактын таасири өтө күчтүү болду. Аракка чыланып калдык. Ошондуктан азыркы карыяларды «ушулар бир нарктуу сөздү айтып берет го, илгерки нускалуу кептерден баштап берет го» деп ойлоого болбой калды. Азыр жакырбыз: же улуунун сөзүн билбейбиз, же жаңыныкына жете албайбыз. Ушинтип айланкөчөктөп туруп атабыз. Анан бийлик эмне десе, ошого кошулган кошоматчылар да чыкты, «дежур аксакалдар» деген. Мен көбүн эле угуп жүрөм, аларда өзүнүн ою жок, пикири жок, жан бактылык. Жакшы жагынан нак үлгү болуп бере албайт.

Кайсы мезгилде болбосун кыргыз эли акылман карыялардын баалуу кеп-кеңештерин, алардын акыл-насааттарын билгичтик менен пайдаланып, кыйын кезеңден чыгып келген. Өткөл мезгилде мамлекеттин басмайылы бошоңдоп, оор абалды башынан өткөрүп жаткан учурда Абдулхай агай өз акыл-насаатын айтып, элди алдыга сүрөп турду. Өлкөнү оор абалдан чыгаруунун жолдорунун бири деп ал буларды акыркы осуяты катары айтып берген сыяктуу:

- «Мамлекет» деп жан күйдүрсөк, аны ыйык эсептесек, бирок өзүбүздүн байыртан бери кабыбыз толгон нарк-насилибизди, рух дөөлөтүбүздү болочоктогу биздин балдарга бербей кетсек - анда бизди Кудай кечирбейт. Мен дагы айтаарым - эгерде азыркы бийлик ушул маселеге көңүл буруп, карыяларды, көптү көргөндөрдү, көптү билгендерди чогултуп, алардын оюн угуп, анан өздөрүнүн оюн ушул карыяларга айтып, ошолор аркылуу өлчөп, ойлорунун тууралыгын, деңгээлин өлчөп туруп, анан элге чыга турган болсо, биздин ишибиз алга сөзсүз кетээр эле.

Ошентип кечээ эле Бишкектин көчөлөрүн көркүнө чыгарып, нускалуу сөзү менен элге жөлөк болуп келген маркум Абдулхай агайдан түбөлүк ажырадык. Анын ары татаал, ары өрнөктүү өмүрү, даңазалуу ысмы элинин эсинде түбөлүккө сакталып калмакчы. Кош болуңуз, Абдулхай агай! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

XS
SM
MD
LG