Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

БЕЙӨКМӨТ ЖАНА ЖАМААТТЫК УЮМДАР ЖАКЫРЧЫЛЫК МЕНЕН КҮРӨШҮП ЖАТЫШАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Жума күнү бейөкмөт жана жамааттык уюмдардын жакырчылыкты азайтуудагы ролу жөнүндө семинар болуп өттү. Аны президенттик администрациянын алдындагы “Комплекстүү өнүгүүнүн негиздери” программасынын катчылыгы жана ПРООН уюштурушту. Семинарга өлкөнүн ар кайсы жеринен келген бейөкмөт жана жамааттык уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, окумуштуулар, өкмөт адамдары жана чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрү катышып, жакырчылыкты азайтуунун улуттук стратегиясын ишке ашырууда бул коомдук уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруунун жолдору жөнүндө пикир алышты.

Улуттук илимдер академиясынын Социалдык изилдөөлөр борбору жакырчылыкты азайтуу боюнча бейөкмөт жана жамааттык уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө изилдөө өткөргөн. Семинарда борбордун жетекчиси Чынара Биялиева ошол иликтөөнүн жыйынтыктары жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, кыска мөөнөттүн ичинде бейөкмөт жана жамааттык уюмдардын саны өсүп, алар атуулдук коомдун потенциалын көрсөтө алышты. Алардын иштеши үчүн зарыл мыйзамдык база да калыптанып калды. Өлкөнүн борборунда жана региондордо сапаттуу иштеген уюмдар өсүп чыкты. Алар мамлекеттик органдар жана эл аралык донорлор менен кантип иштеш керек экенин үйрөнүп калышты. Бирок борбордук деңгээлдеги бийлик бейөкмөт уюмдарга көңүл бөлүп, алар менен тыгыз кызматташып жатса, жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрү алардын мүмкүнчүлүктөрүн дагы эле баалашпайт.

- Айрым жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, тилекке каршы, бейөкмөт жана жамааттык уюмдардын ролун жана маанисин түшүнүшпөйт. Түштүк региондо болсо аларды түздөн-түз атаандаш катары карашат, - деди Чынара Биялиева.

Ал бейөкмөт уюмдардын профессионалдык деңгээли төмөн экенин, бийлик менен бул уюмдардын ортосунда жакшы диалог болбой жатканын, чет өлкөлөрдөн келген гранттар тең бөлүнбөй, бир эле уюм бир нече жолу грант алып, калгандарына болсо эч нерсе тийбей жатканын, борбордогу жана Чүй облусундагы уюмдар жакшы өнүгүп, алыскы райондогулар акчасы жогунан эч нерсе кыла албай отурганын белгиледи. Борбор өзүнүн изилдөөсүн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн пикирлерин сурамжылоонун негизинде түзгөн. Анын бейөкмөт уюмдардын азыркы абалына берген баасына “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын” президенти Токтайым Үмөталиева жана “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов кошулган жок.

- Диалог – бул болгон нерсе. Президенттин деңгээлинде диалог болуп жатат. Чынын айтсам мен силердин докладыңарга ичим чыккан жок, - деди Токтайым Үмөталиева ачык эле.

Бул жетекчилердин пикирин “Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери” программасынын катчылыгы жана айрым эл аралык уюмдар колдошту. Бирок региондордон келген уюмдардын жана жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү Борбордун айткандарында чындык бар экенин белгилешти.

- Негизинен туура айтылган. Биз, айыл өкмөттөрү, эл менен жакшы иштей албай жатканыбыз да туура. Ажырым болуп жатканы да туура. Жер-жерлердеги эл көтөрүлө албай жатканы да туура. 2-3 бейөкмөт уюмдун негизинде эле “маселелердин баары чечилип калды, бейөкмөт уюмдар маселелерди билет, элдин баары көтөрүлүп, иштеп жатат” деп айтыш туура эмес, - деди Жетиөгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлсүн Чыныбаева.

- Чабал айылдар бар. Кээ бир айылдарда көп эл аралык уюмдар иштешет. Кээ бир айылдарга эч ким барбай жатат. Элдин жашоосу төмөн айылдарга эч ким барбайт. Аларды окутуш керек. Аларды эл аралык уюмдар да колдош керек, - дейт Араван районунун социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчиси Диляра Ахмедова. “Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери” программасынын катчылыгынын жетекчиси Леонид Крамовердин айтымында, бейөкмөт уюмдардын жакырчылык менен күрөшүн колдош үчүн эл аралык уюмдар ири көлөмдөгү 3 грант берип жатышат. Ал - 15 млн. долларлык “Айылдык демилгелерди колдоо”, 15 млн. долларлык “Майда шаарларды колдоо” жана 10 млн. долларлык “Айылдык билимди колдоо” долбоорлору.
XS
SM
MD
LG