Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

Кыргызстандын стратегиялык мааниси бар объектилери аныкталды


БИШКЕК. Мындан ары Кыргызстандын экономикасы үчүн стратегиялык мааниси бар мамлекеттик объектилерди менчиктештирүү өкмөттүн макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Премьер-министр Николай Танаев атайын токтом менен стратегиялык мааниге ээ болгон объектилердин тизмесин бекитти. Мамлекеттик мааниге ээ болгон объектилердин катарына энергетика, тоо-кен, металлургия жана башка тармактардагы 50дөн ашуун ишканалар киргизилди. Алардын арасында «Кыргызгаз», «Кыргызалтын», «Кыргызстан аба жолдору», «Кыргызтелеком», «Учкун» жана башка акционердик коомдор, мамлекеттик ишканалар бар. Өкмөт мындан тышкары өсүмдүктөрдү биологиялык жактан сактоочу каражаттарды чыгарган лабораторияларга, геология, минералдык ресурстар боюнча объектилерге да өзгөчө көңүл бурат. Кыргыз өкмөтү «мындай объектилерди өкмөттүн макулдугусуз менчиктештирүү мамлекеттин экономикалык абалына гана эмес, коопсуздугуна да коркунуч келтириши мүмкүн» деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG