Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Академик Абдулхай Алдашевдин сөөгү жерге берилди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, ветеринардык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ветеринардык дарыгери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Абдулхай Алдашевдин сөөгү Бишкектеги «Аларча» көрүстөнүндө жерге берилди. Маркумду акыркы жайына узатуу зыяратына мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, окумуштуулар жана жазуучулар катышты.
Абдулхай Алдашев 1918-жылы 19-декабрда Жетиөгүз районундагы Аккочкор айылында туулган. 1939-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Ал ири окумуштуу катары биологиялык активдүү 30 заттын дарылык баалуулугун ачкан, анын 11ине ойлоп табуучунун автордук күбөлүгү берилген. Абдулхай Алдашев таасын окумуштуу, таланттуу акын-жазуучу, энциклопедиялык билимге эгедер акылгөй инсан катары элдин эсинде калды.

XS
SM
MD
LG