Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Аксы районундагы Кызылжар айылынын төрт тургуну «Хизб ут-Тахрир» партиясынын идеяларын таратканы үчүн сот жообуна тартылышты


ЖАЛАЛАБАД. Алар ырасмий каттоодон өтпөгөн «Хизб ут-Тахрир» партиясынын ислам халифатын курууга чакырып, конституциялык түзүлүшкө каршы үндөгөн баракчаларын тараткан учурунда кармалышкан. Тартип коргоо кызматчыларын да ислам мыйзамы менен жашоого үгүттөшкөн. Баракча тараткандан башка айыбы жок экендигин белгилеген Муратбек Жусупбеков менен Дурусбек Батырбеков 4 жылга, Мырзакан Көчүмкулов 3 жылга колонияга кесилишти. Диний партиядан чыкмак болгон Нурлан Тажиев сыноо мөөнөтүндө 3 жылдык жаза алды. Алардын бешинчи шериги Кенжебай Ташболотовдун иши соттун кароосунда турат. Мындай маалымат бүгүн Аксы районунун прокуратурасынан жана сотунан алынды.

XS
SM
MD
LG