Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Прагада жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган жыйын аяктады


БИШКЕК. Бүгүн Чехиянын борбору Прага шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы маселелерге арналган бир апталык жыйын аяктады. Ага катышкан АКШнын, Чехиянын, Польшанын, Словениянын, Словакиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү өз алдынча башкаруу тармагында реформа жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашышты. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын өз алдынча башкаруу иштери боюнча министри Төлөбөк Өмүралиев баштаган делегация «2010-жылга чейин Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү» улуттук стратегиясынын бет ачаар аземин өткөрүштү. Жыйында Кыргызстандагы өз алдынча башкаруу системасынын өнүгүү тажрыйбасы үлгүлүү деп табылды. Бул тууралуу бүгүн кыргыз делегациясынын өкүлү, өлкөнүн Өз алдынча башкаруу ассоциациясынын төрагасы Курманбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда кийин өз алдынча башкаруу боюнча окутуу борборлору түзүлмөкчү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG