Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

ОШТУКТАРДЫН КӨБҮ ӨЗБЕКСТАНДЫК ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН КИЙИНКИ ЖОРУГУНА НААРАЗЫ


Кожогелди Култегин, Ош 16-июль күнү Кыргызстандын атуулун Өзбекстандын чек арачысы атып таштаганы, ал окуяга карата 23-июль күнкү Өзбекстандын расмий билдирүүсү элдин кыжырлануусун жаратууда.

Албетте, өзбекстандыктардын минтип кыргызстандыктарды өлүмгө учуратышы, ага кун төлөп же эл аралык мыйзам алдында жооп бермек түгүл кайра доо артып кириши жаңылык деле эмес. Оштогу белгилүү журналист Алишер Токсонбаев өз сөзүндө ушул өңүттү айрыкча бута тутту:

- Биздин облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү барып, ошол жердеги окуяны көрүп, оперативдүү маалыматтарга таянып билдиришпедиби, «чындыгында бул жерде күнөө Өзбекстан тараптан кеткен, жоокер туура эмес ок чыгарган» деп. Ал эми өзбек бийлигинин расмий билдирүүсү – менимче, бул тоготпостук. Кечээги окуяны биз инцидент катары баалабашыбыз керек. Анткени мындай нерсе кыргыз жергесинде көп эле жолу кайталанып атат. Эсиңиздерде бардыр, Кыргызстанды жоочулар басып киргенде Каратейитти дагы өзбекстандык туугандар бомбалап кетишкен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бир нече ирет нота жөнөттү, бирок ага кошуна тарап түкүрүп да койгон жок, жооп да бербеди. Жадагалса моралдык чыгымды төлөгөн жок, төлөгөнгө аракеттенген да жок. Кадамжайдын Кызылкыштак айылында дагы бир атуулубузду атып кетишти. Кыргызстан тарап барып жоокерди көзгө сайып көрсөткөн күндө дагы Өзбекстан тарап эч кандай чара колдонгон жок. Ошонун кесепети кечээги аткылоого алып келип отурат. Эгер биздин кыргыз бийлиги Өзбекстан тарапка багынуу, коркуу менен мамиле кыла бере турган болсо, мындай көрүнүштөр мындан ары да кайталана берээрине менин көзүм жетет.

Ал эми «Ак элечек» айымдар коомунун төрайымы Фатиля Жусуева Карасууда өзбекстандыктардын кыргызстандыктарга каршы ок атышы 16-июль күнү эле эмес, андан эки ай мурда башталгандыгын, Өзбекстан ошол эл аралык кылмышка да жооп бериши керек экендигин сөзүнө кыстарды:

- Кыргызстандык өзбек жигитти Өзбекстандын аскери атып коюптур. Бул - эки элдин достугуна, мамилесине аябай чоң шек келтирүү. Бул маселеге катуураак мамиле кылбаса болбой турган учур келип отурат. Мындан эки ай мурда кандайдыр-бир коркутуу иретинде 20дай ок атылган экен. Ошондо ооздукташ керек эле. Бүткүл кыргыз аялдарынын, «Ак элечек» айымдар коомунун атынан айтат элем: «жетекчиликтин жаңылыштыгы - элдин шору» деп айтылат эмеспи, эки элге шор кылбасын. Кыргызстандык жигитти аткан аскерди күнөөлөп бербесе, биз аябай нааразыбыз. Ушул жерде биздин элди басынтып, же «кичине өлкө» дегендей сезбесин. Биздин жигиттердин ким экенин билет. Өзбекстандык аялдарды да чакырат элем, алар да талап кылсын. Бизге жазалап берсин.

Бүгүнкү күнгө чейин 16-июль күнкү окуя тууралуу расмий маалыматтар бири-биринен айрымаланат. Маселен, Ош облустук прокуратурасы бир аз башкача, милиция органы да бир аз башкача, Карасуу райондук акимчилиги да бир аз башкачараак маалымат жолдогон. Андыктан Ош облус губернатору Накен Касиев ишти кайрадан майда-чүйдөсүнө чейин териштирүү, тактоо тапшырмасын берген. Сөз Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин коргонуу жана укук коргоо бөлүмүнүн башчысы, генерал Каныбек Алтыбаевде:

- Мен нотанын материалы менен таанышканым жок. Бирок, бул жактан түшкөн маалымат боюнча нотанын мазмуну менен бизге түшкөн маалыматтын ортосунда карама-каршылык көп. Ошондуктан губернатордун көрсөтмөсү боюнча азыр расмий комиссия иштеп атат. Анан дагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери иштеп атышат. Бүгүн-эртең жыйынтыгын губернаторго алып кириш керек.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө деле ошол Өзбекстан менен Кыргызстанды бөлүп турган Шархансай дарыясы аркылуу, демек жасалма көпүрөлөр менен Өзбекстандын бензини мыйзамсыз түрдө өтүп, Ош шаарынын, башка райондордун көчөлөрүндө ачык эле сатылып турганы кашкайган чындык.
XS
SM
MD
LG