Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:06

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ УЙГУРЛАР ЭНЕ ТИЛИНИН БҮГҮНКҮ АБАЛЫНА КАБАТЫР


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда ырасмий маалымат боюнча 50 миң уйгур бар. Ал эми уйгур элинин өз болжолуна караганда, андан эки же үч эсе көп болушу да ыктымал. Бул элди улут катары түйшөлткөн маселелер арбын. Алардын ичинде - уйгур тилинин улам кийинки муун тарабынан унутулуп баратканы. Айрым байкоочулардын баамында, уйгур жаштары орус мектептерде окуп, орусча гана сүйлөп, өз эне тилин билбей калышты.

Жыйырма бир жаштагы Зульфия Бишкектеги № 67-мектепти аяктаган. Орусча мекепте чогуу окуган жана бир короодогу курбалдаштары менен жалаң орусча сүйлөшүп чоңойгон. Ал эми үйдөн ата-энеси уйгурча бирдеме сураса орусча жооп кайтарчу. Зульфия азыр уйгурча түшүнөт, бирок сүйлөгөнгө келгенде тили кыска. Өзүнүн айтымында, апасы уйгурча билбегендиги үчүн дайыма жемелеп келет, бирок азырынча тил үйрөнүүнү чындап деле колго ала элек.

- Мен орусча окуп калдым. Бала кезден эле өзүмө окшогон уйгур курбуларым менен деле орусча сүйлөшөбүз. Эне тилиңди билбегениң жаман, албетте. Кээде намыстанып үйрөнгүм келет. Мени апам көп урушат, «уйгурча сүйлө» деп. Кээде атамдан же апамдан уккан чоочун сөздү жаттап алганга аракет кылам, - дейт Зульфия.

Кыргызстанда азыр бир да уйгур мектеби жок. Эне тилинин унутулуп баратканынын башкы себеби катары уйгурлар дал ушул маселени көрсөтүшөт. Уйгурлардын адатта 40 жаштан ылдыйкы мууну көбүнесе орусча сүйлөйт. Ал эми уйгур жаштары болсо таптакыр эле орусташып кеткенин баамдоого болот. Уйгур тили коңшу Казакстанда өкмөт тарабынан аныкталган, билим берилүүчү жети тилдин бири катары белгиленип, уйгурча мектептер да ачылган. Ошол эле учурда Кыргызстанда Өзбекстанга караганда акыбал дурус дегенге негиз бар. Кай бир уйгурлар Казакстандагыдай мектеп ачып бербегени менен, Кыргызстанда өзбек тараптагыдай басым жоктугун белгилешти. «Биз «Иттипак» деп өз гезитибизди чыгарып атабыз, диаспора иштеп атат, кыргыз бийлигине ыраазыбыз», - дейт Алишер деген жигит. «Азаттыкка» мурда берген маегинде «Иттипак» коомунун төрагасы Розмухамет Абдулбакиев да уйгур тилинин акыбалына бушайман экенин айткан. Розмухамет мырзадан «Иттипак» коому балдар үчүн уйгур тилинин сабактарын уюштурганга аракет кылганын, бирок ал үчүн каражат тартыш экенин укканбыз. Уйгур калкынын интеллигенция өкүлдөрүнүн балдары да орусча сүйлөйт. «Виждан авази» гезитинин редактору Музаппархан Курбандын эки баласы бар. Экөө тең уйгурча сүйлөй алышпайт. Музаппархан мырзанын пикиринде, эне тилин билбей калганы үчүн алардын күнөөсү жок.

- Эки балам тең орусча бала бакчага барып, орус тилиндеги мектепти аякташты. Жада калса университетти орусча аякташса, анан кайдан эне тилин билишсин? Менимче, бул жерде уйгур тилин билбей калганы үчүн жаштарды күнөөлөгөнгө болбойт. Аларды бүгүнкү турмуш ошондой кылып тарбиялады, - дейт Музаппархан Курбан.

Кыргызстандын түштүк дубандарындагы уйгурлар көбүнчө өзбек тилинде сүйлөшөт. Айрым маалыматтарга караганда, алар сталиндик репрессиянын убагында өзүн «уйгур» дебестен, «өзбек» деп каттатып алышкан. Бишкектеги «Иттипак» гезитинин редактору Шамшидин Абурахимовдун пикиринде, андай адамдар бүгүн эне тилин да унутту.

- Сталиндик репрессиянын кесепетинен айрыкча түштүк дубандардагы уйгурлар паспортуна «тажик» дедиртип, же дагы башка улуттарды жаздырып алышкан. Алар улутун гана өзгөртүп тим болбостон, эне тилин да таптакыр унутуп коюшту. Ош менен Жалалабад облустарындагы уйгурлар көп учурда өзбекче сүйлөшөт. Ал эми Бишкектеги, Нарындагы жана башка түндүк аймактагылар орусташып кетишти, - дейт «Иттипак» гезитинин башкы редактору.

Уйгурлар кеңири отурукташкан аймактарда уйгурча кошумча сабактарды киргизүү аракеттери бар. Мисалы, Беловодскиде, Сокулукта жана Аламүдүн райондорундагы айрым мектептерде уйгур тилин үйрөтүүчү жана уйгур адабияты боюнча кошумча сабактар киргизилди. «Иттипак» гезитинин редакторунун айтымында, уйгурча мектеп ачылмайын эне тилдин көйгөйү чечилбейт. Учурда уйгурлардын «Виждан авази» гезити каражаттын жоктугунан чыкпай турат. Ал эми жалгыз гезит «Иттипак» уйгур калкынын арасынан акчалай жардам болуп калганда бир айда бир жолу чыгып атат. Уйгур жана орус тилдеринде макалалар жарыяланат.

- Эне тилди пропагандалоого жалгыз ушул гезит жардам берип атат. Араб арибинде уйгурча макалаларды жазып атабыз. Жаштарыбыз окуп, кичине уйгурча үйрөнсө экен деген тилек менен. Азыр мамлекеттик теле менен радиодон болгону айына бир жолу «Интизар» деген берүүбүз чыгат. Башка эч кандай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Азыр Кытайда мажбурлап кытайча окутуп атышса, биякта орусташып атышса, эне тилдин акыбалы күн санап оорлоп баратат, - дейт Шамшидин Абдурахимов.

Совет убагында уйгурча китептер жана гезиттер Ташкенде жарык көрүп, атайын басма үйлөрү бар болчу. Учурда Өзбекстанда андай басма үйлөрү экономикалык жана башка себептерден улам жабылган. Бүгүн уйгур тилин окутууга окуу куралдарын, китептерди чыгарууга шарт жок. «Кагазга жазып да болсо атайын колдонмолор жок окутууну баштайлы» дешсе, «Иттипак» коомунун мүчөлөрүнүн айтымында, мугалимдердин маянасына да каражат жок.
XS
SM
MD
LG