Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

ТРАНСПОРТ: ТАРМАКТЫН ТАЛЫЛУУ ПРОБЛЕМАСЫ


Эгемендиктин алгачкы жылдарында жүргүнчүлөрдү ташуу проблемасы коюлса, учурда тармакты ыраатка салуу, укуктук жана жеке жактардын атаандаштыгына бирдей шарт түзүп берүү милдети турат. 25-июлда жүргүнчү ташуучулар менен Транспорт жана коммуникация министрлигинин, Бишкек шаар акимчилигинин жетекчилеринин кеңешмесинде мына ушул талылуу маселе талкууга алынды. Жаңы автобус-троллейбустарды сатып алууга өлкөнүн чама-чаркы чак келбейт. Ошондон улам жүргүнчүлөрдү ташуу көбүнесе жеке менчик микроавтобустар менен жеңил машиналардын энчисине тийген. Мындай абал транспорт жаатында бир топ проблемаларды жаратты.

Жүргүнчү ташуучулардын кеңешмесинде өлкөнүн транспорт саясатында олуттуу дегидей өзгөрүүлөр болуп жатканы айтылды. Учурда калк кызматында 15000 транспорт каражаты турат. Мындан он жыл илгери алардын саны 5 миңге араң чыкчу. Ишкердикке жол ачуу социалдык оор проблеманы кыйла жеңилдетти. Республикалык транспорт инспекциясынын жетекчиси Сулайман Закировдун айтымында, тармакты менчиктештирүү негизинен аяктап калды. 1991-жылы ал кездеги Автотранспорт министрлигинин карамагында 81000 жүргүнчү ташуучу унаа бар болчу. Азыр жүргүнчүлөрдү ташуунун 65% жеке менчик фирмалар жана ишканалар аткарышат. Башкы транспорт инспектору өлкөнүн 5 млн. калкынын 287 миңден ашууну ар кыл жеңилдиктерге ээ экенин айтып, аларга багышталчу акчаны Финансы министрлиги убагында которбой коерун айтты.

- Маршруттарга түрдүү менчиктеги транспорт чыга баштады. Автобустардын арбындыгынан алардын көбү толбой калууда. Жүргүнчүлөр топтолчу жерге кичи автобустар чогулуп, жайнаган аялдамалар пайда болду. Автобекеттен жүргүнчү салган айдоочулар менен өз алдынча жүргүнчү ташыгандардын ортосунда тирешүү пайда боло баштады. Дүйнөдө жүргүнчү ташуу транспортуна өзгөчө катуу талап коюлат. Бизде да ошондой талап коюлушу керек, - дейт Сулайман Закиров.

Кеңешмеде айтылгандай, жүргүнчү ташуучу транспорттун эскилиги жеткен. Бишкекте 5 маршрут боюнча 70 автобус, 18 каттам боюнча 190 троллейбус чыгат. Тармактын абалын көрүп, Дүйнөлүк Банк коомдук транспортту жаңылоону сунуш кылып, каржы жагынан көмөктөшөөрүн билдирген.

«Карабалта» айдоочулар ассоциациясынын президенти Зейнеп Токтакунованын айтымында, жүргүнчү ташуу менен шугулданган укуктук жактар оголе көп салык төлөшөт.

- Бизде акционерлердин саны - 358. 127 автомобиль калган. Жыл сайын биз 28 млн. сом киреше түшүрөбүз. Ар кыл салыктарга деп 3 млн. 600 миң сом төлөйбүз. Иштеп аткан бир машинеге бизде 276 миң сом салык туура келет. Баарыбыздын иштегибиз, балдарыбызды баккыбыз келет. Бирок баарыбызга бирдей шарт, укук, мүмкүнчүлүк түзүп бергиле, - деди Зейнеп Токтакунова.

«Жүргүнчү ташуучу жеке менчик транспорт ээлери аз салык төлөйт» деген пикирге Кыргызстан ишкерлер ассоциациясынын президенти Жыргалбек Сурабалдиев каршы чыкты.

- Мына бул жерде «биз акционербиз, салыкты көп төлөйбүз» деп атасыңар. Акционерлер өз бала, жеке ишкерлер өгөй бала эмес. Алар мурда силердей эле иштеп, автобазалар жабыла баштаганда ишсиз калган. Өз акчасына баарын сатып алып, иштеп жүрүшөт. Аларды эч жерге киргизишпейт. Аны эмнеге айтпайсыңар? Турмуш ошондой болуп атат. Биз деле силер төлөгөн салыкты төлөшкө даярбыз. Бирок баарыбызга бирдей шарт коюшсун. «Теңдемечилик» деп атпайсыңарбы, андан качкан эч ким жок, - дейт Жыргалбек Сурабалдиев.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Айзат Ажикеевдин айтымында, азыр транспорт тармагы кирешелүү, анткени ал иштеп жатат. Анткен менен тармактын абалын мыкты деп айтыш кыйын. Жүргүнчүлөрдү маданияттуу тейлөө, аларды ыңгайлуу автобустар менен ташуу ишинде өксүктөр көп.

- Кичи автобустардын көбөйүшү коомдук транспорттун өнүгүшүнө кедегисин тийгизүүдө. «Эрежеде» шаар сыртындагы, ичиндеги транспорт, эл аралык каттамдар кандай болушу, аны кандай автотранспорт тейлээри так жазылган. Бишкекте 70 автобус калыптыр, анын 14 гана каттамдарга чыгат, - дейт ал.

Айзат Ажикеев «жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын ыраатка салууга мезгил жетти» деп эсептейт. Анын айтымында, айрым жергиликтүү бийликтин өзүм билемдигинен, айрым таасирдүү чиновниктердин электораттын көңүлүн алуу амалында жаңы каттамдарды ачтыруу аракетинен улам жоопкерчилиги чоң ишке көп учурда жүрнары мамиле жасалып келди. Министрлик мындан ары каттамдарды аныктоочу тендердик комиссиянын ишине коомчулук өкүлдөрүн кенен тартууну көздөп жатат. Анын үстүнө соңку кездери жүргүнчү ташып бараткан айдоочулардын күнөөсүнөн чыккан автокырсыктардын саны арбып баратат. Бул, өлкөдө өнүгүп бараткан ишкерликти мыйзамдык негизге салып, аны цивилизациялуу нукка салууга жол бермекчи.
XS
SM
MD
LG