Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

ТАЛАСТАГЫ АРДАГЕРЛЕРДИН НААРАЗЫЛЫГЫ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас Калктын эң ыймандуу катмары – карыялар. Бирок Талас облустук ардагерлер кеңешинде бир нече айдан бери ынтымак жок. Кеңештин ичиндеги финансылык тартип бузуулар, моралдык абал улам басып олтуруп, жакында чындык жарыкка чыкты.

Облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүңүр Мамбеталиевдин тартип бузуулары жөнүндө жооп топ ардагерлердин нааразылыгы, алардын айтымында, 7 айдан бери басылбай келет. Бул ишке Талас шаардык прокуратурасы кийлигишкенден бери маселе тездеген. Ардагерлер жакында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Мырзакан Субановго да жардам сурап кайрылып, зарыл документтерди тапшырышты. Төрага Мүңүр Мамбеталиевдин мыйзам бузуулары, облустук администрациянын маселеге кашаң мамилеси туурасында көптөгөн ардагерлер пикир айтышканы менен, алардын айрымдарынын гана айткандарын белгилей кетели.

- Мен, Молдалиев Абылгазы, Талас шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасымын. Мына жакында ардагерлер губернатордун орун басары Нартаевге кирип, бир топ маселелерибизди чечтик. Мында айтылды, Мамбеталиев жөнүндө. Болгон иштин баарын айттык. Бирок 42 миң сом колго нак түштү, прокурордук комиссиянын эсебинен. Эми биз ошону күтүп атабыз.

- Мен Жайлоо Алиевмин. Келинчегим Жумалиева Гүлжан экөөбүз 1998-жылы Талас шаарында жайгашкан дүкөндү 6 миң сомго алдык эле. Дүкөндүн ремонтун бүтүрүп, иш баштайлы деп турганда облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүңүр Мамбеталиев деген аксакалыбыз келип, «бул дүкөн мага караштуу, мен алып коём» деп, администрациядан дагы 15 миң сом акча бөлдүрүп алып, Жусупбеков Жапар экөө муну өздөрүнө жумшап, биздин дүкөнүбүздү талашып, ушул күнгө чейин дүкөндү өздөрүнө пайдаланышат, меники болгон күндө дагы. Муну биздин Талас шаардык прокуратурабыз карап, «мыйзамсыз экен, дүкөн силердики» деп бизге бөлүп берген.


«Азаттыктын» бейтараптык принцибин сактап, ардагерлердин төрагасы Мүңүр Мамбеталиевге да өз пикирин айтуусун өтүндүк. Бирок ал сөз айтуудан баш тартты. Маселеге текшерүү жүргүзгөн Талас шаар прокурору Дүйшөнбек Алиев мындай дейт:

- Бул биздин тил менен айтканда «коомдук мүлктү жок кылып койду» деп айтылат, 171-беренеде көрсөтүлгөн. Бирок ал кишинин карылыгын, иштеген ишин, бардык жагдайларын белгилеп туруп, «өздөрү карашсын» деп сунуш кылганбыз. Өздөрүнүн президиумунда, аксакалдар кеңешинде карап, өздөрү чечим кабыл алышты.

Ошентип, маселе качан чечилээри белгисиз. Аны атабоону өтүнгөн облустук бийликтин жооптуу кызматкеринин айтымында, аткаруу бийлиги коомдук бул уюмдун ишине кийлигишпейт. Абал чынында эле ошондой болсо, калыс кебинен тайбаган карыялар эл алдында минтип кызарышпайт эле.

XS
SM
MD
LG