Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Либерияда кан төгүү уланууда


Либериядагы бүгүнкү атышуудан 6 адам набыт болду. Кагылышуу өлкө борбору Монровия шаарынын тегерегинде өкмөттүк аскерлер менен куралдуу оппозициянын ортосунда жүрүүдө. АКШнын президенти Жорж Буш Либериянын жээктерин кайтарууга алууга Американын аскердик-флотуна буйрук берди. Бул тууралуу Жорж Буш кечээ күнү кабарлап, бирок ал жерге канча аскер жиберилерин айткан эмес. Либерия жээгине жайгашкан күчтөр жарандык согуштан жабыркап жаткан бул мамлекетке жакын арада келе турган тынчтык кармоочу күчтөргө колдоо көрсөтүүгө тийиш. Президент Буштун бул чечимин Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан жана Либерия өкмөтү жогору баалады. Либерияда өкмөттүк күчтөр менен куралдуу оппозициянын ортосунда кагылышуу кечээ күнү уланып, андан 20 киши каза болуп, 200дөйү жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG