Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Израил 100 палестинди бошотот


Израил радиосунун бүгүнкү маалымдоосуна караганда премьер министр Ариэль Шарон абактан 100дөй палестинди бошотууну караштырууда. Алар Шарондун кийинки жумада Вашингтонго башталчу сапарына чейин боштондукка чыгууга тийиш.
Ал эми АКШнын президенти Жорж Буш кечээ күнү Палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас менен Вашингтондогу жолугушууда Жакынкы Чыгышта тынчтыкты камсыз кылууга көбүрөөк аракеттенүүгө Израил менен Палестинаны чакырды. Америка президенти Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгин бойлой чек араны бекемдөө жана басып алган жерлерге жаңы турак-жай орнотуу аракеттерин айыптады. Жорж Буш ошондой эле Жакынкы Чыгышта тынчтык орнош үчүн террордун тамыры үзүлүш керектигин билдирди. Жорж Буш мындай деген:

- Премьер министр Махмуд Аббас экөөбүздүн Ыйык жерде орун алган эки башка мамлекет, Израил менен Палестин ортосунда тынчтыкка жетүү боюнча максатыбыз бир. Бул максатка жетүү үчүн бардык тараптын жоопкерчилиги керек.

XS
SM
MD
LG