Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Иракта дагы үч америкалык аскер мерт болду


АКШнын Ирактагы аскерлерине жасалган бүгүнкү чабуулдан америкалык 3 аскер мерт болуп, төртөөсү жарадар болду. Багдаддан 50 чакырым алыстыктагы Бабука шаарында балдар ооруканасын кайтарып турган Америка аскерлерин белгисиз бирөөлөр гранатамет менен аткылоого алган. АКШ аскердик командачылыгынын маалыматы боюнча Тикрит шаарында Саддам Хусейиндин жан сакчыларынын тобу кармалды. Америкалыктар колго түшкөндөр Саддам Хусейинди табууга жардам берет деп үмүттөнүүдө. Испания бүгүн Иракка тынчтык кармоо күчтөрүн жиберди. 1миң 300 испан аскери Польша командачылыгынын астында Ирактын түштүгүндө кызмат кылат. Египеттин президенти Хосни Мубарак Ирак армиясынын жана башка мамлекеттик органдарынын таратылышын туура эмес болгон, бул өлкөдө кылмыштын көбөйүшүнө алып келди, деп билдирди ишембиде. Анын айтымында ирактыктардын бүгүнкү күндө иштеп жан багуусуна шарт жок. Алар кыйын абалда калышты.

XS
SM
MD
LG