Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

СӨЗ ЭРКИНДИГИ: ИРАНДА СОТТУН ӨЗҮ МЫЙЗАМ БУЗУУГА БАРУУДА


Айнура ЖЕКШЕ кызы, Прага шаары Кандалык фотожурналисттин өлүмүнө байланыштуу Иранда башталган саясий кризис басаңдамак тургай, күндөн күнгө курчуп баратат. Өлкөнүн реформачы саясатчыларынын айтымында, бул окуя жалгыз гана Оттава менен мамилелерди бузбастан, Ирандын эскичил сот системасы мыйзам бузууларга барып, режимге сын көз караштагыларга каршы күрөшүп жатканын айгинелөөдө.

Канаданын атуулу, түпкү теги ирандык журналист Зехра Каземи Тегерандагы түрмөлөрдүн биринде уруп-сабоолордун натыйжасында мээсине кан куюлуп, 11-июлда жан бергени жөнүндөгү кабар кеңири тараган эле. Арадан он беш күн өткөнү менен, тергөө иши татаалдашып кетти. Анын качан аяктаарын алдын-ала айтуу кыйын. Окуяга байланыштуу Ирандын реформачылары менен эскичил диниятчыларынын ортосунда келип чыккан саясий жаңжал улам тереңдеп, анын улам жаңы өңүттөрү пайда болууда.

Апта башында депутат Мохсен Армин саясий диссиденттер кармалчу Эвин түрмөсүнүн маңдайында абактагылардын жакындарын сүрөткө тартып жаткан жеринен эмне себептен улам Каземинин кармалганы жөнүндө өлкөнүн баш прокурору Саид Мортазави кеңири коомчулукка түшүндүрмө берсин деген талабын койду. Реформачылар басымдуулук кылган парламенттин ачык сессиясында Армин мындай деп чыгып сүйлөдү:

- Башка мамлекеттин атуулу болгон журналисттин башындагы жарааттан улам түрмөдө өлүм табышына көз жумду мамиле жасай албайбыз. Сот Мортазави эмне себептен аны камоо жөнүндө буйрук бергенин ачыкташы керек, маркумду тыңчылык үчүн айыптоого кандай негиздер бар эле деген суроого жооп бериши керек.

Зехра Каземи Тегерандын шаардык прокурорунун түзмө-түз көрсөтмөсү менен кармалып, суракка алынган болчу. Буга байланыштуу реформачы депутат Армин прокурор Мортазевини кызматынан алыш керек деген талабын да айтты:

- Эмне үчүн оюнда жалаң гана камоо, суракка алуу болгон, кыйноолор аркылуу күнөөнү моюнга алдырган, саясий активисттер менен журналисттердин укуктарын бузган адам Тегерандын прокурору болуп дайындалган?

Ирандын реформачылары менен эскичил катаң турумдагы саясатчыларынын ортосундагы дээрлик үч жылдан бери уланып келаткан саясий күрөштө дал ошол Тегерандын прокурору Мортазеви баш ролду ойноп келген. Өлкөдө бир нече прогрессивдүү гезит жабылып, либералдуу журналисттер менен активисттер абактарга отургузулду. Реформачылар саясий туткундарга каршы кыйноо ыкмалары колдонулганын, алардын сот иштери жабык эшик артында өтүп жатканын белгилеп, бул мыйзам бузуулар үчүн эскичил диниятчыларды күнөөлөп келишет.

Канадалык журналисттин набыт болушунан кийин президент Мохаммед Хатами кылдат тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жазалоо жөнүндө буйрук берген эле. Эң кызыктуусу, иликтөө Каземини камоо жөнүндө көрсөтмө берген ошол эле сот органдарына тапшырылган. Андан көп өтпөй бул иш коопсуздук же аскерий трибуналга өткөрүлүп берилди. Бирок 24-июлда аскерий трибуналдын төрагасы Хожат ол-эслам Мохаммад Нийази бул иш өзүнүн ыйгарым укуктарына кирбесин билдирип, аны баш прокурордун кеңсесине кайтарды. Муну менен реформачылардын арасында «бул жерде тартипти жана мыйзамды коргоо мекемелери тарабынан кылмышка тийешеси барларды жаап-жашыруу аракеттери көрүлүп жатат» деген күнөм саноолор көбөйдү.

Тегерандык адвокат Ахмад Башири “Фарда” үналгысына берген маегинде бул окуя тууралуу мындайча баасын айтты:

- Соттун басма сөз өкүлүнүн айткандарына таянсак, бул иш коомдук прокурордун кеңсесинен коопсуздук трибуналына өткөрүлүп берилген. Бул ойлондурбай койбой турган факт эми тергөө жоопкерчилиги прокуратура, сот жана чалгындоо министрлигине жүктөлөт дегенди билдирет. Кимисине конкреттүү кайрылыш керек, бул суроого эч ким так жооп бере албайт.

Ал ошондой эле коопсуздук трибуналы өз эрежелерине ылайык иш алып бараарын жоромол кылып, сот жараяны «улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы» шылтоосу менен жабык эшик артында жүргүзүлүшү ажеп эмес деген чочулоосун жашырган жок.

Журналист Каземинин өлүмү Ирандын ички көйгөйлөрүн гана ого бетер козутпастан, эл аралык коомчулуктун көңүлүн да өзүнө бурдурду. Канада өкмөтү сыңары эле, Европа биримдиги да Тегеранды бул кылмыш иши үчүн үчүн жоопкерлерди айыпка тартууга үндөдү. Шаршембиде расмий Оттава маркум журналисттин сөөгү Канадада жашаган өз баласына кайтарылбастан, Иранда көмүлгөнүнө нааразычылыгын билдирди.

Дипломатиялык булактардын ырастоосунда, Тегеран бул айыптоолорго өзүнүн расмий мамилесин билдирген жок. Тескерисинче, расмий Тегеран Ванкуверде жакында ирандык бир атуулдун өлтүрүлүп, экөөнүн жарадар болушуна байланыштуу Канаданын полициясына кине тагууда.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хамидреза Асифи Канада бийлигинен “бул кылмыштуу окуя жөнүндө түшүндүрмө талап кылаарын” айтып, бирок бул жаңжалдуу окуя жөнүндө кошумча маалымат берген жок.

Ошентип, канадалык фотожурналист айымдын набыт болушу Ирандын ички саясий тирешүүсүн ого бетер күчөтүп, өлкөнүн эл аралык коомчулук менен мамилелерине да залакасын тийгизүүдө.
XS
SM
MD
LG