Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25
БИШКЕК. Бүгүн «Азаттыкка» оппозициячыл «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун адвокаты Токторбек Ашыркул уулу: «Ф. Куловдун апелляциялык арызынын Жогорку Сотто каралышы мындан ары да кечеңдетилиши мүмкүн», - деп билдирди. Адвокаттын айтымында, эгерде бул иш боюнча Жогорку Соттун чечими адилетсиз болсо, Ф. Кулов жана анын адвокаттары Эл аралык сотко кайрылышат. 19-июлда Бишкекте өткөн «Өнөктөштүк форумунда» президент Аскар Акаев «Феликс Куловго каршы кылмыш иши мыйзам чегинде козголгон жана мында саясий мүнөз жок» деген пикирин расмий билдирген. Учурда өлкө башчысынын мындай билдирүүсү коомчулукта ар кандай ой-пикирлерди жаратты. Айрым саясатчылар бул билдирүүнү «Ф. Куловду абактан бошотпоо керек» деген кыйыр чакырык катары баалашууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG