Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Камбоджада парламенттик шайлоо өттү


Шайлоо тизмесине киргизилген 6 млн 300миң шайлоочу добуш берди. 123 орундуу Улуттук Ассамблеядан орун алууга 22 саясий партия аракет жасады. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары эртең жарыяланары күтүлүүдө. Добуш берүү күнү эртең менен өлкөнүн борбору Пномпен шаарында эки бомба жарылды. Бирок жабыркагандар жөнүндө маалымат түшкөн жок. Пномпендин полициясынын орун басары Хинг Поунун айтымында, биринчи бомба ФУНСИНПЕК партиясынын имаратына, андан кийинкиси ушул партиянын негиздөөчүсү болгон падыша Нородом Сиануканын хан сарайына жакын жерде жарылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG